Окуучулардын билимин баалоодо беш баллдык система калат

12 жылдык билим берүүгө өткөндө окуучулардын билим деңгээлин баалоонун беш баллдык системасы сакталып калат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, «Алтын казык» программасында билимди баалоонун он баллдык системасы каралган эмес.

«Буга чейин Билим берүү академиясынын сайтына жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири болуп эсептелет жана ал Билим берүү министрлигинин расмий позициясын билдирбейт», – дешти мекемеден.

Апта башында Билим берүү академиясынын сайтына окуучулардын билимин «объективдүү баалоо үчүн» беш баллдык системадан 10 баллдык системага өтүү каралып жатканы жөнүндө маалымат жарыяланган.

Министрлер кабинети 15-мартта 12 жылдык билим берүүгө өтүү долбоорун жактырган. 13-мартта президент Садыр Жапаров бул демилгеге каршы эмес экенин айткан. Билим берүү министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өткөндө кошумча окуу жылы кошулбастыгын, болгону «нөлүнчү» класстар жоюларын билдирген.

Июль айында Министрлер кабинети Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү моделин киргизүү боюнча 2024-2028-жылдарга карата иш-аракеттердин планын бекиткен.