Ысык-Көл: Зындан көлү жарылып, 490 тургун эвакуацияланды

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, бийик тоолуу Зындан көлү жарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Тоңдогу Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, Жарандык коргонуу кызматтары менен бирге Туура-Суу, Рыбзавод айылдарында жана Тоңдун ички тилкесинен жалпы 490 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлүп, жерине инженердик техникалар нөөмөткө коюлду», — дешти министрликтен.

ӨКМ жергиликтүү бийликке көлдүн жарылуу коркунучу бар экенин эки жума мурда, 19-августта эскертилгенин кошумчалашты.

Суу айылды каптаган эмес, учурда агып жаткан суунун көлөмү азайды.