Жалал-Абад: Соода борборунда 12 жаштагы баланы сабаган шектүү кармалды

Image descriptionЖалал-Абад шаарындагы «Плаза» соода борборунда 12 жаштагы баланы сабаган шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 22-августта облустук милициядан билдиришти.

Баланын баш мээси чайкалып, Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына жаткырылган.

Бул боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу.