Аутизми бар балага кол көтөргөн киши кечирим сурады

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы аутизми бар балага кол көтөргөн киши милиция бөлүмүнө өзү келгенин билдирди.

«Биринчиден, баланын ата-энесинен, бир туугандарынан, эжесинен кечирим сурайм. Баланын өзгөчө экенин билген эмесмин. Ал сумкамды ачып жатканда баалуу нерселеримди уурдап кетеби деп ушундай реакция кылгам. Эртеси интернеттен видеону көрүп, өз ыктыярым менен милиция бөлүмүнө келдим», — деди ал.

Милициядан экспертизанын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынарын билдиришти.

Окуя күн мурун Бишкектин Фучик көчөсүндөгү бейтапканалардын биринде болгон. Ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынган.