Бишкек: Ооруканада аутизми бар балага кол көтөргөн киши изделүүдө

Бул тууралуу 28-августта «Клоопко» Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда милиция ишти териштирүүдө.

27-августта милицияга жабырлануучунун эжеси кайрылып, Фучик көчөсүндөгү ооруканада кезекте тургандардын бири аутизми бар инисин муштум менен бир койгонун айткан.

Окуя каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

14 жаштагы жабырлануучунун эжесинин айтымында, шектүү баланы чаап жибергенин анын «сумкасына тийгени» менен түшүндүргөн.

«Мен ал кишиден “эмнеге урасың, урганга кандай акың бар” деп сурадым. Ал коргонуу реакциясы иштеп кеткенин айтып жооп берди»,
— деген жабырлануучунун эжеси.