Көлбаевге таандык «Ак-Марал» пансионаты Бажы кызматына өттү

Image descriptionМаркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган Ысык-Көлдөгү «Ак-Марал» пансионаты Бажы кызматына өткөрүлдү. Маалыматты «Клоопко» мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.

Алардын айтымында, пансионат Бажы кызматына Министрлер кабинетинин буйругу менен өткөрүп берилди.

«Бир гана пансионат өткөрүп берилди. Ал жерде жеке үйлөр да бар экенин түшүнүү керек, бирок дал ошол гана пансионат өттү»,
– дешти мекемеден.

Камчы Көлбаев өткөн жылдын 4-октябрында атайын операция учурунда УКМК тарабынан өлтүрүлгөн. Кийин анын 1 миллиард долларга бааланган активи камакка алынганы айтылган. Алардын арасында хансарайлар, батирлер, эс алуу борборлору, ресторандар жана аңчылык кылуучу жерлер бар.