Ош шаары, Тешик-Таш базары жана ага чектешкен үйлөр.

Ош шаарындагы Тешик-Таш базарына чектеш жашаган көчөдө калуу коркунучундагы 32 үй-бүлөнүн иши 2-сентябрда Жогорку сотто каралат. Аларды 5 жыл мурда жеке ишкер Нуркул Шырдаков жерди бошотуу талабы менен сотко берген, кийинчерээк тургундар «Интербилим» уюмунун жардамы менен Шырдаковдун өзүнүн үстүнөн арыз жазышкан. Бул арада тургундар айрым жакындары «сот иштеринин айынан күйүттөн каза тапканын», башкалары ден соолугун жоготконун айтышат. Ал эми ишкер жер «ага таандык экенин» айтып, тургундарды жана жергиликтүү бийликти айыптап келет. 

«Клооп» окуянын чоо-жайын жана бул иште сот адилеттүүлүгү канчалык маанилүү экенин баяндайт. 

Дээрлик 20 жылдан кийинки талап

Оштогу ишкер Тешик-Таштагы базардын ээси Нуркул Шырдаков менен Тешик-Таш базарына чектеш жашаган тургундардын чыры 2019-жылы башталган. Ишкер 1998-жылы ошол кездеги Мамлекеттик мүлк фондунан азыркы Ош базарында жайгашкан курулушу бүтө элек универмагды аукциондо сатып алган. Ага универмагды куруп бүтүрүү шарты коюлган. Ал эми бир жылдан кийин шаардык аткаруу комитети (учурда мэрия) универмагга 2,4 га жерди пайдаланууга кошуп берген. Ишкер универмагдын ордун жеке менчик базарга айланткан. 

Шырдаков ушуга таянып, дээрлик 20 жыл өткөндөн кийин, базардын үстү жагындагы Ленин көчөсүндө жашаган тургундардан үйлөрүн бошотууну талап кылып сотко бере баштаган — ал универмагга кошумча пайдаланууга берилген 2,4 га жер дал ушул тургундардын үйлөрү жайгашкан аймак деп эсептейт. Ишкер кезинде аталган аймактын жашоочуларына «кенемте төлөнүп, а түгүл жер берилгенин» айтып келет. 

Ал эми тургундар да, алардын укугун коргоп келе жаткан Оштогу «Интербилим» уюму да Шырдаковдун айткандарын четке кагышат. Жашоочулар ата-бабаларынан калган үйлөрүн ишкер бир топ убакыттан кийин талашып баштаганына түшүнбөй келишет.

Сот иштери беш жылдан бери уланып жатканда өлкөдө бийлик алмашып, соттор ротацияланган. Үйлөрүн коргогон тургундардын айрымдары кайтыш болуп, кээ бирлеринин үйү сүрдүрүлгөнгө жетишкен. 

«Агам сотуна бир күн калганда кайтыш болду» 

Рано Исраилова

Ишкер сотко берген тургундардын бири 62 жаштагы Рано Исраилова жакында эле бир тууган агасын жерге берген. Ал агасы Мамир Исраилов «сот иштеринин айынан жүрөгү ооруй турган болгонун», ушул жылдын 17-июнунда — сотуна бир күн калганда кайтыш болгонун айтты.  

«18-июнда соту болмок, жактоочусуна ишеним каттын мөөнөтү өтүп кеткен экен. Ошону узартуу үчүн барып келип, үйдө бетин жууп жатканда жыгылып, каза болду. Көзүн да ачпады. 69 жашта көз жумду», — деп кайгырды ал. 

Исраилова башка тургундардай эле «Шырдаков жерлерди 20 жыл өткөн соң талашып баштаганына түшүнбөй» келет. Талашка түшкөн аймакта жалаң гана карапайым адамдар жашаганын айткан аял алдыдагы сотто адилет чечим чыгат деп күтүүдө.

Ал арада тургундардын бири Үлпат Абдуллаева эки тургундун үйү «сүрдүрүлүүгө  үлгүргөнүн» айтат. 

«Үйүн өткөрүп алып, бузуп салды. Бул жерде коррупция болуп кетти. Ким күнөөлүү экенин айта албаймын, ботко болуп кетти. Эл беш жолу токтотуп калдык, андан кийин күчүбүз жеткен жок. “Чечимге кол коюлуп калды, токтом чыкты” деп бузуп салышты», — дейт ал.

«Адилет чечим чыкса жегенибиз аш боло баштайт» 

Нематжан Пазылов

Дагы бир тургун — 73 жаштагы Нематжан Пазылов. Ал илгертен ээлик кылган үйдүн толук документтери бар экенин белгилеп, сот алардын пайдасына чечет деген үмүттө. Ал эми Нуркул Шырдаков талашып жаткан 2,4 га аянтты «депутат болуп турганда сүйлөшүү жолу менен коштуруп алган» деп эсептейт. 

«Совет мезгилинде Шырдаков шаар советине депутат болгон экен. Сүйлөшүп эле 2,4 гектар жерге бир токтом чыгартып алган экен. Эми ушул токтомду административдик, облустук соттор жокко чыгарды. Эми Кудай буюрса Жогорку сотто ушуну күтүп отурабыз. Жокко чыгарып берсе эле эл ыраазы болуп, баары ордуна келмек. Адилет чечим чыкса жегенибиз аш боло баштайт, тынч жашап калмакпыз», — дейт Пазылов.  

Шырдаков эмне дейт?

Нуркул Шырдаков

Ишкер Нуркул Шырдаков «Клоопко» курган маегинде «тургундар менен чыр-чатакты козутпоо үчүн бир канча жыл күттүм» деп билдирди. Ал эми жергиликтүү бийликти убадасын аткарбады деп айыптады.

Анын айтымында, жерди алып жатканда ага «үйлөр сүрдүрүлөт, аларга компенсация төлөнгөн» деп «айтылган». Шырдаков «тургундарга акчадан сырткары жер да бөлүнгөн» деген пикирин карманып келет. 

«Мага ошол кездеги жергиликтүү бийлик “тургундарга башка жактан жер берилген, аларды 1999-жылдын 1-июнуна чейин бул жерден айдап чыгабыз, үйлөрдү бузуп жерди сизге өткөрүп беребиз” деп айткан. Булар ошону аткарбай, бет тырмачылык кылып жатышат. Учурда мэрия тургундардын тарабын алып мени менен соттошуп жатат», — дейт ал. 

Ошондой эле ишкер универмагды куруу убадасын аткарбаганына тургундар жерди бошотпогонун жүйө келтирүүдө. Анткен менен универмаг үчүн тургундардын үйлөрү эмес, курулуп бүтө элек имарат берилген.

Шырдаков эгер ага 7 млн АКШ доллары төлөнсө «жерлерди толугу менен өткөрүп берерин» айтат.

«Себеби мен сатып алганда чөнтөгүмдөн 400 миң сомго жакын акча кеткен. Бул 1998-жылдагы баа боюнча. Азыркы баа боюнча мен 7 млн АКШ долларынын тегерегинде акча болушу керек деп эсептеп жатам», — деди ал.   

Нуркул Шырдаков буга чейин журналисттерге пресс-конференция берип, колунда бар документтерди көрсөткөн. Ошондой эле талабы тууралуу кененирээк түшүндүргөн: https://youtu.be/AFzxCMpkLJU  

Тургундар кенемте алганына далил жок 

«Интербилим» эл аралык уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси, укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева Шырдаковдун айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирди. Анын айтымында, тургундардын кенемте алганы далилденген эмес — бул боюнча тургундардын колунда мэриянын тастыктамасы бар.

Ошондой эле Мамасалиева 2010-жылдагы коогалаңда тургундардын азыркы жашап жаткан үйлөрү өрттөнүп аны мамлекет калыбына келтиргенин белгиледи. Укук коргоочу Шырдаков эмне үчүн ошол учурда «менин жерим» деп тиешелүү мекемелерге кайрылган эмес деп кызыкты.

«Ал айтпаганы үчүн мамдирекция жана мамкаттоо тургундардын жерин дагы бир жолу тастыктап берген. Эгер аларга кенемте берилген болсо мамлекет ошондо эле “силердин Он-Адырда жериңер бар, ошол жакка көчкүлө” деп айтмак да. Мамлекет алардын үйлөрүн чоң каражат коротуп кайра калыбына келтирип жатпайбы. Эгер азыр тургундардын жерин тартып алып койгон учурда да алардын кенемтесин ким төлөйт? Мамлекет дагы бир жолу төлөмөк беле? Шырдаков сотто “ал учурда адамгерчилик кылып унчукпадым” деп жатат, азыр адамгерчилиги эмне болду?» — деп суроо салды ал.

Мамасалиеванын айтымында, Шырдаков өз-өзүнчө сотко берген тургундар чогулуп анын 2,4 га жерге берилген токтомун жокко чыгаруу боюнча арыз жазышкан. Ош шаардык жана облустук соту аны канаатандырган. Буга байланыштуу Шырдаков сотко берген иштер токтоп калган.

Бирок Шырдаков облустук соттун чечимин Жогорку сотко даттанган. Эми Жогорку сот бул ишке чекит коюшу керек.

«32 үй-бүлөдө жашоочуларды эсептесек 150 жашоочуга барат. Алардын ичинде ымыркайлар, жалгыз бой аялдар, майыптыгы бар тургундар, пенсионерлер бар. Бул алардын жалгыз башпаанеги. Ал эми мыйзам жалгыз башпаанекти коргойт. Эгер Шырдаковдун укугу бийикпи же тургундардын укугу бийикпи деп карасак: албетте турак жай укугу бизнес укугунан бийик турат», — деп сөзүн жыйынтыктады Гүлгакы Мамасалиева. 

Тургундарды буга чейин мэр Бакытбек Жетигенов да колдогон — анда Шырдаков калаа башчысын да сотко берерин айткан. Ал эми 7-августта Ош шаарынын тургундары менен жолугушууга келген минкабдын төрагасы Бакыт Төрөбаев бул маселе боюнча эки жыл мурда эле тиешелүү органдарга тапшырма берилгенин айткан. Ал ишкер универмагды куруу милдетин аткарбаганы үчүн ошол кездеги келишим жокко чыгышы керектигин белгилеген.