Бишкекте мыйзамсыз жүргөн 42 чет элдик жаран аныкталды

Image descriptionБорбор калаада Бангладештин 35 жана Пакистандын жети жараны мыйзамсыз жүргөнү аныкталды. УКМКдан алардын визасынын мөөнөтү өтүп кеткенин билдиришти.

Маалыматына ылайык, бул эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында атайын кызмат тарабынан пландуу текшерүү учурунда аныкталган.

«Тартип бузгандар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу, кийин депортациялоо үчүн өткөрүлүп берилди», — дешти атайын кызматтан.