Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырууну чечти

Image descriptionМаалыматты «Клоопко» Борбордук шайлоо комиссиясынан тастыкташты.

Боршайкомдун мүчөлөрүнүн айтымында, Кадырбеков бүгүн өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазган. Ал бүгүн кечинде БШКнын жыйынында каралат.

Буга чейин Кадырбеков 2019-жылга чейин бир канча жыл жетектеген «Ыйман» фондунун иши боюнча УКМКга күбө катары сурак берген.

Жакында эле диний билим берүү менен алектенген «Ыйман» фондунун айланасында жаңжал чыккан. Быйыл июлда Каржы министрлигинин аудиторлору фонддун ишмердүүлүгүн текшерип, жыйынтыгында 5 млн доллардын отчеттун таппай койгон. Текшерүүдөн соң фонддун мурдагы эсепчиси кармалган.

Кадырбеков Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери. Аталган партиядан парламентте жалпы беш депутаты бар.