Кара-Балтада көчөдө аялын сабап салган шектүү кармалды

Соцтармакта белгисиз тургун аялын уруп, жерге жыгып салганы тартылган видео тарады. Тасмадан алар турган жерден бир метр алыстыкта кольяскада баласы отурганын көрүүгө болот.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы «Клоопко» окуя 6-сентябрга караган түнү Кара-Балта шаарында болгонун билдирди.

Милиция 32 жаштагы шектүүнү кармаган. Ал эми анын 26 жаштагы жубайы күйөөсүнө каршы арыз жазуудан баш тартканы айтылат. Милиция бул окуя боюнча териштирүү ишин баштады.