Президенттин басма сөз катчысы дин мыйзамынын айланасында «чагымчылдыкты» токтотууга чакырды

Аскат Алагөзов мыйзам менен дааватка тыюу салынары жөнүндө айтылган блогерлердин биринин билдирүүсүн мисал келтирди.

«Ушул сыяктуу чагымчыл билдирүү, сурамжылоолорду токтотуу керек. Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес»,
— деп жазды ал фейсбук барагына.

Алагөзов мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар талкуулап, өз сунуштарып берип жатканын кошумчалады.

Буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Анда дин тутуу тармагындагы айрым маселелерди, анын ичинде адамдын жүзүн жапкан диний кийимдерди кийүүнү мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө керектиги жазылган. Мындан тышкары демилгечилер диний негизде партия түзүүгө, дин ишмерлерине өлкөдөгү шайлоолордо талапкер болууга, үгүт иштерине катышууга жана шайлоо фонддорун каржылоого тыюу салууну сунушташкан.

Бул демилге коомчулукта кызуу талкуу жараткан. 5-сентябрда президент Садыр Жапаров мыйзам долбооруна байланыштуу кеңешме өткөргөн. Ага өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы, Уламалар кеңешинин мүчөлөрү, муфтияттын өкүлдөрү жана белгилүү дин ишмерлери катышкан.

Анда мыйзам долбоору кайра толукталып, парламентке анын жаңы редакциясы сунушталары белгилүү болгон. 6-сентябрда президент Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абыкаровду иштен алган.