Туунун авторлорунун бири Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды

Image descriptionЖелектин авторлорунун бири, Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков узакка созулган оорудан улам 76 жашында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага минкабдын төрага орун басары Эдил Байсалов баштаган аткаминерлер жана сүрөтчүнүн жакындары катышты.

Жайчыбеков 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көлдүн Корумду айылында туулган. Москва полиграфия институтун аяктаган соң «Байчечекей», «Мектеп», «Кыргызстан» өңдүү басмаларында көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген.

Сүрөтчү балдар адабиятындагы көрүнүктүү иллюстратор катары белгилүү. Ал «Билим берүүнүн мыктысы», «Маданияттын мыкты кызматкери», «Даңк» ордени жана «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» наамына татыган.

Жайчыбеков тууну өзгөртүүгө каршы чыккан. Ал желектеги нурлардын толкунун бир аз гана түзөтсөк деген ойлор болгонун, бирок күн нурларынын түз болушуна таптакыр каршы экенин айткан.