Тогуз-Тородогу Макмал орто мектеби өлкөдөгү «Мыкты мектеп» деп табылды

Image descriptionБилим берүү министрлиги 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебин «жылдын мыкты мектеби» деп тапты.

Республикалык тандоо беш этаптан туруп, ага жалпы 122 мектеп катышты. Сынак мыкты мектептердин иш тажрыйбасын, билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомго жана башка мектептерге да жайылтуу үчүн уюштурулган.

Аталган мектептин директору Назгүл Атамкулова «Клоопко» мектепти министрлик түзгөн атайын комиссия баалаганын айтты.

«Мугалимдерибиз санарип технологияны өздөштүргөн. Буга чейин облустук, республикалык сынактарда жетишкен ийгиликтерибизди чагылдырып видео жасадык. Мектеп жамааты окуучулар менен бирге аракет жасады. Кубанып турабыз», — деди директор.

Азыр Макмал орто мектебинде 113 мугалим эмгектенип, 1547 окуучу билим алып жатат. Былтыр жылдын «Мыкты мекетби» деп Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Бөкөнбаев атындагы орто мектеби табылган.