Жаза аткаруу кызматы: Алга Кылычев Улуттук госпиталда дарыланып жатат

Жаза аткаруу кызматы 9-сентябрда Алга Кылычев тез жардам менен ооруканага жеткирилгенин «Клоопко» тастыктады.

Мекемеден Кылычев Улуттук госпиталда комплекстүү дарылануудан өтүп жатканын, буга чейин абакта да текшерилип, кан басымын түшүрүүчү жана кант диабетин дарыялоочу дары-дармек менен камсыздалганын белгилешти.

«Кылычев 23-августта жазуу жана оозеки түрдө абакта дарылануудан баш тарткан. 2-сентябрда Кылычевдин кан басымы көтөрүлүп, ТИЗО-1ге тез жардам чакырылган. Текшерүүдөн соң дарыгерлер ооруканага жаткырууга негиз жок дешкен. 4-6-сентябрда абактагы бейтапкананын жетекчиси ага Улуттук госпиталда текшерүүдөн өтүүнү сунуштап, стационардык дарылануу зарыл деп көрсөткөн», — дешти мекемеден.

Буга чейин «Кылым Шамы» укук коргоо уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кылычев Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгенин билдирген.