Кыргыз басымы күчөп жаткан чакта «Клооп» эмне кылат?

Майдын аягында жана июндун башында УКМКнын кызматкерлери жалпысынан 11 кишини кармаган. Арасында «Клооптун» азыркы жана мурдагы кызматкерлери ошондой эле кармоо учурунда жөн гана алардын жанында болуп калган достору — дагы эки адам болгон.

Азыр кармалгандардын экөө камакта калууда: «Клооптун» буга чейин эле иштебей калган мурдагы оператору жана кармоо маалында редакциянын кызматкери болгон дагы бир оператор. Аларга «жапырт башаламандыктарды уюштурууга катышуу» айыбы тагылууда.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин пикиринде, бул кармоолор — «Клоопту» Кыргызстанда жок кылууга багытталган максаттуу өнөктүктүн бир бөлүгү. Азыркы бийлик — биринчи кезекте президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев — бул басылманын иликтөөлөрүнө чыдабайт, анткени алар сапаттуу, анткени «Клооп» чындыкты айтат.

Ринат Тухватшин, Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири

Бийлик буга чейин «Клооптун» сайтын бөгөттөп, анын дагы бир юридикалык жагын жапса, эми жөн гана кызматкерлерди кармоого өттү.

«Клооп» калган кызматкерлерин коргоо үчүн чараларды көрдү. Түшүнүктүү себептерден улам, ал чаралардын чоо-жайы айтылбайт. 

Бирок ошентсе да, балким окурмандар менен интернет колдонуучуларда «мындай шартта “Клооп” эмне кылат?»  деген суроо жаралган болушу мүмкүн.

«Клоопто» мурдагыга караганда кыйла аз материал чыгып калганын байкасаңыз керек? Балким айрымдарыңар басылма биротоло жабылып калат деп ойлоп жатсаңыздар керек.

Ринаттын айтымында, албетте андай болбойт.

«Клооп» мындан ары да ишин улантып, иликтөөлөрдү чыгара берет.

Ошол эле маалда албетте басылмага иш форматын бир аз өзгөртүүгө туура келет.

Эң башкы өзгөрүү — «Клооп» эми иликтөөлөргө көбүрөөк көңүл бурат. 

Иликтөөлөрдү күн сайын, ал эмес апта сайын чыгаруу мүмкүн эмес, ошондуктан «Клооптун» контенти азайгандай көрүнүшү ыктымал, бирок ал контент эксклюзивдүү жана иликтөө жанрында болот.

Бул жерде бир аз ирония бар. Бийлик жана бийликчил адамдар көбүнчө «Клоопту» калыссыздыкка айыптап, басылма дайыма бийликти сындап, эч качан анын жакшы аракеттерин айтпайт деп келишет. Бирок бул чындыкка коошпойт.

Эгер «Клооптун» эски материалдарын карасаңыз, басылманын журналисттери күн сайын бийликтин ишмердүүлүгүн чагылдырууга аракет кылганын көрөсүз. Алар дээрлик дайыма Жапаровдор менен Ташиевдер чыгарган пресс-релиздерди  кыйла нейтралдуу кылып чагылдырып келишкен.

Албетте, «Клооптун» иликтөөлөрү менен колонкаларын сын катары кабыл алууга болот, бирок басылма жарыялаган күнүмдүк жаңылыктарды сын деп айтууга болбойт.  «Клооп» дайыма Кыргызстанда болуп жаткан кызыктуу окуяларды, жакшы жаңылыктарды табууга аракет кылган.

Кыргызстанда иштеп, соккуга кабылган редакция башка иштер менен катар ушундай позитивдүү жаңылыктарды чагылдырып, бийликтин позициясын болушунча берүүгө аракет кылып келген.

Коопсуздук чараларын эске алганда, эми кызматкерлерин коргоо үчүн олуттуу чараларды көрүүгө аргасыз болгон «Клоопко» күнүмдүк жаңылыктарды чагылдыруу   же жөн гана бийликтин пресс-релиздерин чыгаруу өтө эле кымбат болуп калууда.

Ошондуктан «Клооп» приоритеттерди аныктоого аргасыз болууда жана алардын эң негизгиси — бул иликтөөлөр. 

Ринаттын пикиринде, Кыргызстанда жакшы жаңылыктарды чагылдырган жана бийликке сөз бере турган көптөгөн ЖМКлар табылат. Ошентип, жалпы баланс сакталат.

Иликтөөлөрдөн тышкары «Клоопто» дагы көптөгөн колонкалар болот.

Ринат же дагы башка бирөө окуяларды бириктирип, эмне болуп жатканын түшүндүрүүгө аракет кылып, контекст берет. Тилекке каршы, канча бир убакытка чейин биз Кыргызстандын ичинен иликтөөлөр сыяктуу эле көз карандысыз же оппозициялык колонкаларды көрбөйт чыгаарбыз, ошондуктан бул боштукту да «Клооп» толтурат.

Айрым учурларда «Клооп» жаңылыктарды чагылдырат — өзгөчө Кыргызстандагы башка ЖМКлар маанилүү фактыларды көңүл сыртында калтырган учурларда. 

Эгер маалымат айдыңында бийлик же башка булактар тарабынан жалган маалымат таратылып, аны эч ким төгүндөбөсө, «Клооп» ал фактыларды текшерүү менен алектенет. Эгер маалымат жалган болуп чыкса, «Клооп» ал жөнүндө айтат.

Жогоруда  айтылгандар — бул жакынкы жылга коюлган пландар.

Алдыдагы июль жөнүндө айтсак, ал өзгөчө болот. Түшүнүктүү себептерден улам кызматкерлердин көбү «Клооптон» кетти. Калгандары катуу стресске кабылгандыктан,  бир аз эс алып, өзүнө келсин деп жетекчилик аларды бир айга өргүүгө чыгарды. 

Ринаттын колонкасын айтып берип жатканымдын себептеринин бири да мына ушул — кызматкерлери күч топтогуча, «Клооптун» командасы алардын контентин таратууга жардам беришимди өтүнүштү.

Ошентип, «Клооп» үчүн июль өзүнчө бир жыйынтыктоочу ай болуп калат: басылма ишин улантат, бирок эми ал эч качан мурдагыдай болбойт. Ринат «Клооптун» командасы өзү жөнүндө көп айткан эмес дейт — эми болсо бул тууралуу айтууну каалайт: басылманын түптөлүү тарыхы менен бөлүшүп, кандай иштегендиктери жөнүндө айтып, капалуу жана кубанычтуу учурларды эскерип, балким өкүнгөн нерселер тууралуу да айтышат. 

Июлда Ринат буга чейин кадр сыртында болуп келген нерселер жөнүндө айтып берүүнү убадалап жатат.

Мындан тышкары Ринатта маанилүү колонкалар үчүн көптөгөн идеялар топтолуп калды. Бул айда ал өзгөчө УКМКнын Кыргызстандагы ролу тууралуу сүйлөшүүнү каалайт — «Клооптун» бул түзүм менен болгон өз ара мамилесинин тарыхы жөнүндө бир аз айтып, мекеменин эмнеге айланып баратканы жана ал өлкөгө кандай таасир этип жатканын талкуулайт. Өтө кызык болот.

«Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири июль айында айткысы келген акыркы нерсе — анын буга чейин эч качан убактысы болбой, бирок аябай айткысы келип жүргөн техникалык ноу-хаулар жана «Клооптун» эксперименттери.

Алардын айрымдарын басылма журналисттик ишинде эч качан түздөн-түз колдонгон эмес болсо, башкалары колдонулуп жатса, үчүнчүлөрүн ишке киргизүү пландалууда. 

Алардын кээ бирлери ойдогудай иштеген жок — бирок мунун баары кызыктуу болушу керек.

Албетте, «Клооп» аларга жасалып жаткан басым тууралуу айтат. Анткени өздөрү айтпаса, ал жөнүндө башка эч ким деле айтпаса керек.

Эгер «Клоопту» колдогуңуз келсе — лайк басып, бул басылманын материалдары менен бөлүшүп туруңуз. Ошондой эле алардын Патреонуна кирип — шилтеме баяндоодо — кааласаңыз акчалай жардам берсеңиз болот. 

Сизге чоң рахмат.