Имамидин Ташов тогуз жылга кесилди — ал жогорку инстанцияга кайрылат

Бишкектин Биринчи май райондук соту 25 июльда KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовдун иши боюнча өкүм чыгарды. 

Адвокат Асел Аргымбаеванын айтымында, Ташов мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик айыптоочу аны 15 жылга кесүүнү сураган болчу. 

Аргымбаева «Азаттыкка» берген маегинде райондук соттун өкүмүн жогорку инстанцияга даттана турганын айтты. Ошондой эле, Биринчи май райондук сотунда иштин материалдары каралып жатканда, адвокаттын өтүнүчтөрүнүн көбү четке кагылып, жактоочуларга басым жасалып, ал эми айыптоочуну кыйноого алган жагдайлар эске алынбаганын кошумчалады.

Имамидин Ташов 2024-жылы апрелдин аягында кармалган. Ал «Бийликти күч менен басып алуу», «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо», «КРнын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү» беренелерине айыпталган.  

Ишкер УКМК кызматкерлерин адам уурдоо, коркутуу жана опузалоого айыптап чыккандан кийин, ага кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган. Ташовдун айтымында, 2023-жылдын аягында аны атайын кызматтанбыз деген белгисиз адамдар сегиз күн бою чыгарбай кармап, өзүн жана жакындарын KG Group компаниясын тартып алабыз деп коркуткан. Ошондой эле, Ташов мыйзамсыз курулуш иши боюнча мамлекетке 52 млн төлөп бергенден кийин, дагы 100 млн сом «сол чөнтөккө» бересиң деп опузалашканын айтып келет.    

Камакта жатканда Ташов үч жолу өз өмүрүнө кол салып, кыйноого кабылганын айтып, ачкачылык жарыялаган

Өткөн жылы октябрдын аягында ТИЗО-1де бизнесмен бир жолку пайдалануучу устара менен курсагын тилип жиберген. Анда УКМК «жакын адамдары менен алдын ала макулдашып, атайын суицидке аракет жасаган» деп жарыялаган

2024-жылы декабрда, Биринчи май райсотундагы отурумда Ташов УКМК кызматкери кыйноого алганын айтып, кекиртегин кесүүгө аракет жасаган. Аны ошол жерден ооруканага алып кетишкен. Саламаттык сактоо министрлигинен Ташовдун абалы «канааттандыраарлык» деп маалымдап, үй шартында дарыланууга чыгарган. Андан соң Ташов ТИЗО-1ге кайтарылган. Атайын кызмат өз кезегинде кыйноо тууралуу айыптоолорду четке каккан. 

Бир нече аптадан кийин, декабрдын ортосунда ТИЗО-1деги Ташов кайрадан өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. ЖАКтан камерадан айнектин сыныктары табылганын айтышкан.