Журналисттер менен укук коргоочуларды эсебин тапкандан кийин, Кыргызстандын бийлиги катардагы жарандардын менчигине киришти. Жалпы өлкө боюнча гараждар, менчик үйлөр бузулуп, чарбактар менен дачарларды тартып алып жатышат. Саналуу гана киши кенемте алып жатат.
Нааразычылыкка чыккандарды коркутушат же кармап кетишет. Бул драманын очогу — Ош. Азыр мэрия шаар борборуна Мамлекеттик ипотекалык компания көп кабаттуу үй курат деп базарларды, жеке үйлөрдү бузуп жатат. Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев муну аткаминерлик укугунан гана пайдаланып жасап жаткан жок — «Клооп» менен Temirov Live анын МИК менен жеке байланышын аныктады. Тизмеде бир гана Токторбаев эмес.

«Силер билесиңер да, муну Жеңиш курбадыбы»
2025-жылы май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Садыр Жапаров ипотекалык компания курган «Асман резиденс» турак-жай комплексин көрүп чыккан. Декоративдик таштар менен капталган беш кабат үйлөр президентке гана эмес, тургундарга дагы абдан жагып, алар өлкө башчысына ыраазычылык билдиришкен.

Албетте, мында Жапаровдун чоң салымы бар. Курулушту каржылаган Мамлекеттик ипотекалык компания президенттин Иш башкармалыгына баш ийет. Ал эми башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев анда жөн гана президенттик жанында турду. Садыр Жапаров болсо таптакыр башка адамдарды мактап жатты.
— Мына — Камчыбек Кыдыршаевич, — деп чакырды ал УКМКнын олуттуу төрагасын. — Көзөмөлдөп берип жатты ушулардын салынышын. Жеңиш каякта жүрөт?
— Жеңиш кийинки объектке кетти, — деп жооп берди Ташиев.
— Мен рахмат айтып алайын дегем да элдин көзүнчө,— деп түшүндүрдү өлкө башчысы. — Ушуну салган өзүңөрдүн уулуңар, Жеңиш деген. Биз аны Ошко мэр кылып жибердик.
Бул таңкалыштуу: президент Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу үчүн Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевге ыраазылык билдирип жатат. Ал эми турак-жай комплексин кыдырган президентти баштан аяк Токторбаев коштоп жүргөн.

Токторбаев бул үйлөрдү кандайча курганын президент так айткан жок. Жер бөлүп, шаардык коммуникацияга кошуп, курулушту координациялоого Токторбаев кирише алмак эмес: ал Сузактын акими эмес, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү да эмес. Анда эмнеге өзүнүн ыйгарымына кирбеген курулуш үчүн президентке отчёт берип жүрөт?
Бул суроого жоопту аталган үйлөрдү курган компания таап берди — «Бест Хаус Гранд».
2024-жылы жайында «Клооп», Temirov Live жана OCCRP даярдаган, мамлекеттик ири долбоорлор Жапаровдун жакын адамдарына катыштыгы бар компанияларга тийгени тууралуу иликтөөсүнө президент өзү жооп берген. Анда Жалал-Абадда МИК үчүн «Бест Хаус Гранд» үй куруп жатканын баса белгилеген.
2024-жылы күздө, Жеңишбек Токторбаев Ташиевге байланышы бар «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан парламентте депутат болуп турганда, УКМК төрагасынын иниси Шайырбек Ташиев жана башка депутаттар менен бирге Жалал-Абад шаарына барып, «Асман Резиденстин» курулушу менен таанышып келген. Анда курулуш тууралуу МИК жана «Бест Хаус Гранддын» өкүлдөрү айтып беришкен.
«Клооп» менен Temirov Live бул компанияны изилдеп, Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарына байланышы бар экенин аныктады.
УКМКнын «футболчулары»
ЖМКдагы маалыматтарга караганда, «Бест Хаус Гранд» Мамлекеттик ипотекалык компания үчүн Жалал-Абадда кеминде 10 турак-жай комплексин, Ошто 18 кабаттуу үй куруп жатат.
«Бест Хаус Гранд» — салыштырмалуу жаңы компания, 2023-жылы июлда түптөлгөн жана буга чейин курулушка аралашкан эмес. Бирок МИК Жалал-Абаддагы «Асман резиденс» турак-жай комплексинин курулушун 2023-жылы күздөн тартып кура баштаган. Ал эми 2024-жылы сентябрда «Бест Хаус Гранд» өкмөт кошумча нарк салыгынан жана сатуудан түшкөн салыктан бошоткон компаниялардын тизмесине кирген.
Таңгалыштуусу, 5 кабаттан 12 кабатка чейинки үйлөрдү куруу үчүн 2-деңгээлдеги лицензияны «Бест Хаус Гранд» 2024-жылы декабрда гана алып отурат.
Курулуш тармагында тажрыйбасы жок компания кандайча мамлекеттик маанидеги курулушка келишим түзөт? Балким, жооп «Бест Хаус Гранддын» УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышында болуп жүрбөсүн?

«Бест Хаус Гранддын» негиздөөчүсү Жалал-Абаддын 1983-жылы туулган Махаммаджан Кочкаров аттуу эч кимге белгисиз тургуну. Соцтармактагы сүрөттөрүнө караганда, буга чейин видеооператор болуп иштегендей.
Компаниянын расмий ээсинин аты-жөнү бизге эч маалымат бербегени менен, катталган дареги менен менчик ээси көп деталдын бетин ачты. «Бест Хаус Гранд» Жалал-Абадда, Токтогул көчөсү 51 деген даректе катталган. Бул даректе УКМКнын облустук башкармалыгы жайгашкан. Бирок 2023-жылы июнда, «Бест Хаус Гранд» пайда болгондо, башкармалыктын имараты жеке колго өтүп кеткен. Имараттын жаңы кожоюну Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Канатбек Абдыкадыров.
Кыргыз футбол биримдигин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзү жетектейт. Абдыкадыров — анын биримдиктеги орун басары гана эмес, жубайынын мурдагы бизнес-өнөктөшү.

Токсонунчу жылдардын аягында алар «Барпы айылы» аттуу кредиттик союзду негиздешкен (ал кезде Абдыкадыровдун фамилиясы Жүдөмүшов болчу). Андан тышкары, Абдыкадыров Садыр Жапаровдун тууганы жана Ташиевдин досу Айбек Алыбаев менен бирге «Жал Групп Азиянын» кош негиздөөчүсү болуп саналат. Бул компания тууралуу «Клооп» буга чейин да жазган: Жалал-Абаддагы «Барса» академиясын курган жана Бишкектеги «Барселона» турак-жай комплексин ушул компания куруп жатат.
«Арстан Жеңиш Токторб»
Абдыкадыров УКМК башкармалыгынын мурдагы имаратына ээ болгондон кийин, «Легион курулуш фирмасы» менен капиталдык курулуштагы үлүштүк катышы жөнүндө келишимге кол койгон. Атайын кызматтын аймактык башкармалыгынын ордуна аталган компания тогуз кабаттуу турак үй курган.

«Легион курулуш фирмасы» 2024-жылы апрелде ачылган. Анын негиздөөчүсү 31 жаштагы Арстанбек Мамытов. 2020-жылы сентябрда Мамытов «Мекенчил» партиясынын ишенимдүү өкүлү болгон.Ал кезде «Мекенчилдин» лидери УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана болочок президенттин агасы Сабыр Жапаров болчу.
2024-жылы Улуттук телевидениеде Мамытовду Жалал-Абаддагы «Асман Резиденстин» «турак-жай комплекстер боюнча жооптуу адис» деп тааныштырышкан.

2025-жылы мартта Арстанбек Мамытовдун аты кайрадан медиада айтыла баштаган — бул жолу кайгылуу окуяга байланыштуу. Жалал-Абадда В5500ВА мамлекеттик номурлуу унаа эки наристеси менен бараткан аялды коюп кетип, балдардын бири көз жумган. Баасы 90 миң доллардан башталган BMW тротуардан учуртуп айдаганын көргөн соцтармактын колдонуучулары ызы-чуу түшүп, унааны Оштун мэринин баласы айдап жүргөнүн айтып чыгышкан.

Бул окуядан кийин Токторбаев эл алдына чыгып түшүндүрүүгө аргасыз болгон. Мэр балалуу аялды коюп кеткен унааны уулу эмес, жээни айдап жүргөнүн айткан. Бирок бул трагедияга коомчулуктун кызыгуусу артып отуруп, издер Арстанбек Мамытовго алып келген: соцтармактарда анын В5500ВА номурлуу башка BMW унаасынын жанында түшкөн сүрөтү табылган.

Бир эле номур кандайча Мамытов башкарган BMW менен Токторбаевдин жакындарынын BMW унаасында болуп калганын биз билбейбиз. Бирок Мамытов мурда Токторбаевдин аялына таандык «Жалал-Абад» ресторанында администратор болуп иштеген. Ал эми соцтармактарда болсо Мамытов Токторбаевдин туугандары менен дос.
GetContact колдонмосунда Мамытовдун номуру «Арстан Жеңиш Токторб», «Арстан Жеңиш Өкүл Атанын Кайниси», «Арстан Гостиница Дастан», «Арстан Мамытов Админ Джалал Абад Рестораны», «Арстан Гик Дом», «Арстан Мамытов Асман Резиденс», «Арстан Таймурастын Досу» деп сакталган.
Бул жазуулар Арстанбек Мамытов менен МИКтин «Асман Резиденс» долбоорунун байланышын тастыктайт. Мындан улам Мамытов «Жалал-Абад» ресторанында гана администратор болбостон, Токторбаевдин уулу Баястанга таандык мейманкананын дагы администратору экенин түшүнсөк болот. Мейманкана «Дастан гранд» деп аталат: Токторбаевдин президенттин администрациясында иштеген Дастан аттуу уулу бар.
Баарынан кызыгы: бул жазууларга таянсак, Арстанбек Мамытов Жеңишбек Токторбаевдин кайниси жана Таймурас аттуу адамдын досу болуп чыгууда. Камчыбек Ташиевдин уулунун аты дагы Таймурас эмес беле.

Токторбаев — демек Ташиев
Бул тек гана дал келүүчүлүк болушу мүмкүн эмес. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев — жердештер, Сузактан болушат. 2021-жылы Токторбаев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан парламентке депутат болуп келген. Аталган партияны Ташиев менен байланыштырышат. Мурдагы шайлоодо, 2020-жылы, Токторбаев менен уулу Ташиев лидерлик кылган «Мекенчил» партиясынын тизмесинде болчу. 2025-жылы январда Токторбаевди Ош шаарына мэр кылып дайындашкан.
Жогорку Кеңеште Токторбаев Ташиевге ыр арнап ийип жүрчү. Мындай жасакерликти башка депутаттар деле кылып жүрөт, бирок бул эки аткаминердики өзгөчө. Ташиев дагы Токторбаевди жерге-сууга тийгизбей көтөрмөлөйт. Жакында эле ага жакшы иштеп жатасыз деп автоунаанын ачкычын тапшырган. Токторбаевдин ишмердүүлүгүн президент дагы Ташиев менен байланыштырып, өзүн болсо мактап келет.
Ошентип, акыры Токторбаев дагы Ташиев менен дос экенин өзү да мойнуна алган.
Курулуш жүргөн жерде чиновник бар
«Бест Хаус Грандка» чейин деле чиновниктер менен депутаттардын катышы бар менчик курулуш компаниялар МИКтин жалданмачысы болгон учурлар бар. Мисалы, Бишкектин 11-кичирайонундагы «Дастан Сити» турак-жай комплексин борбор калаанын экс-мэри Нариман Түлеевдин туугандарынын компаниясы куруп жатат. Бул комплекстен 500 батирди МИК алмакчы.
«Клооп» буга чейин Оштун жака-белинде УКМК төрагасынын иниси Шайырбек Ташиевдин досу Замир Толубаев башка инвесторлор менен бирге жаңы базар куруп жатканын айтып берген. Мэрия жана Жеңишбек Токторбаев өзү шаар борборунда орун алган «Келечек» базарынын соодагерлерин ошол жакка күч менен көчүрүүгө мажбурлашкан. Жаңы базардан болсо ОСБ менен курулган жука павильондордун чарчы метрин 1500 доллардан сатууга аракет кылышкан. «Келечектин» соодагерлери буга каршы чыгып, эски базардан жаңы базарга күчтөп көчүргөнү келген чиновниктерге айбат беришкен. Натыйжада соодагерлер менен мэр Токторбаев бир пикирге келип, мэрия аларга шаар сыртынан жер бөлүп берип, контейнерлерин жеткирмей болгон.
Оштун мэри Токторбаевдин айтымында, «Келечек» базарынын ордуна курулуш түшөт. Бейрасмий маалыматтар боюнча, бийлик ошол тилкени МИКке берүүнү пландап жатат.
Акыркы 20 жылда бул жер бизнесмен Келдибек Тумановдун менчиги болчу. Тумановдордун үй-бүлөсү менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда көп жылдан бери келе жаткан тирешүү бар. Ташиев жердештерин парламенттик шайлоодо Тумановго добуш бербегиле, анткени алар «алайлык» деп айтып чыккан. Туманов 20 жыл Жалал-Абадда жашаганын айтып, Ташиевди «трайбализмге» айыптаган. Анда Сузактын Барпы айылынын депутаттары (Ташиевдин кичи мекени) Келдибек Тумановдон атактуу «Келечек» минарлдык суусунун булагын алып коюшкан.
2024-жылы июнда УКМК төрагасы Тумановдордун Жалал-Абаддын Абдурахманов көчөсү 10 дарегиндеги автобазасын улутташтырган:30 жыл мурда мыйзамсыз менчиктештирген деген шылтоо менен. Августта шаардык кеңеш Келдибек Тумановдун «Келечек» ЖАКнан тартып алып, мэрияга өткөргөн. Ал эми 2025-жылы мартты «Бэст Хаус Гранд» МИК үчүн кезектеги «Асман Резиденсти» куруп баштаган.
«Клооп» бул иликтөөнүн негизги каармандарына сурам кат жөнөткөн.