«Клооп» менен Temirov Live Кыргызстанда чакан ГЭСтердин курулушуна кимдер аралашканын иликтөөлөрүн улантат. Бул жолу, Рыскул Зулушов — Ош облустук Сот департаментинин мурдагы башчысы жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдун бир тууганы тууралуу кеп кылабыз.
Рыскул Зулушов — төрт компаниянын негиздөөчүсү жана тең негиздөөчүсү. Негизги багыты — «гидроэлектростанциялар аркылуу электр энергиясын иштеп чыгуу». Ал компаниялардын үчөөнү 2021-жылдан кийин негиздеген. Башкача айтканда, агасы Курманкул Зулушевдун үзөңгүлөштөрү Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин түптөгөн.
«Кайнама ГЭС» жана «Гидро Прогрессте» Рыскул Зулушовдун компаньону — Назаралиев Советбек Амантаевич. Factcheck.kg басылмасы Назаралиев JIA бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү болгонун жазган.
Алардын «Кайнама ГЭС» компаниясы «Кайнама» деп аталган чакан ГЭС курган. 2024-жылы анын ачылышына президент Садыр Жапаров өзү катышкан болчу.
Гидроэлектростанцияга жалпы 9,3 млн доллар сарпталган. Курулуш үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 3,8 млн. доллар өлчөмүндө насыя берген, ошондой эле Raiffeisen-Landesbank Steiermark каражат бөлгөн. Банк берген насыянын көлөмү, анын шарттары тууралуу маалымат жарыяланган эмес.
Зулушов менен Назаралиевдин компаниясы дагы үч чакан ГЭС куруп жатат. Андан тышкары, Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун маалыматына караганда, алар дагы эки чакан ГЭС курууга белсенип турат.
Чакан ГЭС куруу Кыргызстанда — кирешелүү бизнес. «Клооп» буга чейин айтып келгендей, мамлекет чакан ГЭСтен электр жарыгынын 1 кВт/саатын 4,42 сомдон сатып алат. Эксперттердин айтымында, бул региондогу эң жогорку тариф. Базардын катышуучулары мындай тариф менен чакан ГЭС орточо 6-8 жылда өзүн актайт деп айтып келишет. Андан соң жакшы киреше алып келе баштайт, анткени киловатт-сааттын өздүк наркы 0,6 — 1 сомго чейин төмөндөйт.
Прокурордун иш бөлмөсүнөн энергетиканын миллиондоруна
Factcheck.kg басылмасы 2022-жылы башкы прокурордун туугандарынын бизнеси тууралуу эки иликтөө жарыялаган. Басылманын маалыматына караганда, Зулушевдин жакындары ошол кезде болжол менен он компанияга ээлик кылышкан.
Ошол эле жылы активист, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тарапташы Атай Бейшенбек прокуратуранын кызматкерлери жазды делген катты жарыялаган. Ал кат Башкы прокуратура министр Бейшеналиевди кармагандан кийин тарай баштаган. Анда Курманкул Зулушев Башкы прокуратураны жетектегенден тартып, «өз кишилерин» кызматка коё баштаганы айтылган. Алардын жардамы менен «бизнестин өкүлдөрүнө иш козгоп», натыйжада байып жатат дешкен каттын авторлору. Далил катары Зулушевдин туугандары 2021-жылдан тартып «ири» компанияларды жетектеп калганын келтиришкен. Арасында «Кайнама» чакан гидроэектростанциясын курган ушул эле аталыштагы компания бар болчу.
2022-жылы жайда Рыскул Зулушовдун бизнес-өнөктөшү Советбек Назаралиев мунун баары «жалган» деп айтып чыккан. Бирок каттагы фактыларды жокко чыгарган далилдерди келтирген эмес. «Билип-билбей эле ар кандай нерсени жаза берет экен. Компания жаңы түптөлдү. Азыр иш баштала элек. Бизге Курманкул Зулушевдин колдоосу болгон жок. Айтылып жаткан сөздөр туура эмес», — деген ал.

Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызматка 2020-жылы октябрда, Садыр Жапаров бийликке келгенде отурган. Ага чейин, 2015-жылдан тартып Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Текебаевдин «Республика — Ата-Журт» партиясынан парламентте депутат болгон. 2020-жылы октябрда иниси Рыскул Зулушов экөө «Мекенчил» партиясынан депутаттыкка талапкер болушкан. Аталган партиянын тизмесинин сап башында Камчыбек Ташиев менен президенттин агасы Сабыр Жапаров болгон.
Зулушевдин башпрокурор болушунун расмий себеби айтылган эмес. Бирок ал 2013-жылы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди, жана Жогорку Кеңештин экс-спикери Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын төрагасы болчу. Үч аткаминер тең парламентте депутат болчу. Жапаров, Ташиев жана Мамытов бийликти басып алууга аракет беренеси менен айыпталышкан.

Курманкул Зулушев менен дагы бир судья Медербек Сатыев актоочу өкүмүнөн кийин ээлеген кызматынан бошотулган. Бул боюнча, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматы кенен маалымат берген. Бийликке Жапаров менен Ташиев келген соң Сатыев дагы жогорку кызматка барган. 2020-жылы октябрда ал президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болгон, ал эми 2024-жылы Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган.
Зулушевдин УКМК төрагасы менен байланышынын дагы бир далили — Ташиевдин уулу Тимурлан 2022-жылга чейин Рыскул Зулушов менен бирге «Ырыс ордо» курулуш компаниясынын тең негиздөөчүсү болчу. Ал эми Ташиевдин жээни деп болжолдонуп жаткан Бакыт Казыбеков, Курманкул Зулушев башпрокурор болгондон кийин прокуратурага жумушка кирген.
Экинчи линия: Азат Буркановдун чакан ГЭСтери
Бул кыргызстанда бийликтин жакын адамдары чакан ГЭС курган биринчи учур эмес. «Клооп» менен Temirov Live буга чейин президенттин досунун баласы Азат Бурканов эки чакан ГЭС курганын, дагы экөө курулуп бүтө электигин жазган болчу. Рыскул Зулушов сыяктуу эле Азат Бурканов дагы ГЭСтерди бийликке Садыр Жапаров келгенден кийин кура баштаган.
Мындан тышкары, Азат Бурканов негизги багыты «гидроэлектростанциялар аркылуу электр энергиясын иштеп чыгуу» болгон он компаниянын негиздөөчүсү же тең негиздөөчүсү болуп саналат. Он компаниянын тогузу 2021-жылдан кийин пайда болгон.
Азат Буркановдун бизнестеги өнөктөшү — мурдагы президент Аскар Акаевдин агасынын небереси Нурсултан Чилтенов. Активист Эрлан Бекчоронун айтымында, Чилтенов президент Садыр Жапаров менен куда болот.
Бул Азат Буркановдун ишкерлик таланты ойгонгон жалгыз тармак эмес. Бийликке Садыр Жапаров келгенден тартып Азат Кыргызстанда алгачкылардан болуп казино ачкан. Нурсултан Чилтенов экөө Кара-Балтадагы курулуш материалдар заводуна (ЖБИ) ээ болушкан. Анын атасы Арзыбек Бурканов болсо үзөңгүлөштөрү менен бирге мамлекеттик тендерлерди утуп, ЖБИ заводуна жана Бишкектеги «Сан сити» спорттук-оюн-зоок борборуна ээлик кылып калган.