«Клооптун» иши: Мурдагы операторлор күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөдөн баш тартышты

«Клооптун» мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров сот отурумунда мурдагы күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөсүнөн баш тартышты. Алар буга чейин басым алдында жана бошотобуз деген убададан кийин аргасыз мойнуна алганын айтышты. Иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткан эсепчилер дагы журналисттик иликтөө даярдоого аралашпаганын билдиришти.

Temirov Live ≠ «Клооп» 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 16-сентябрда «Клооптун» мурдагы кызматкерлери — эки оператор менен эки бухгалтердин соту болгон. Тергөө аларды Temirov Live каналына жарыяланган видео үчүн «массалык башаламандыктарга чакырууга» айыптап келет.

Буга «Клооптун» кызматкерлеринин кандай тиешеси бар — түшүнүксүз. Тергөөдө далил зат катары каралып жаткан видео «Клооптун» сайтында жана соцтармактагы барактарына эч качан жарыяланган эмес. Ал эми редакциянын кызматкерлери Temirov Live үчүн материал даярдоого эч качан катышкан эмес.

Бул публикациялар кандайча «Клоопко» тиешеси бар экенин соттолуучулар да, алардын адвокаттары да, видео боюнча жыйынтык чыгарган мамлекеттик эксперттер дагы түшүнбөй келет.

Басым алдында мойнубузга алганбыз 

Көрсөтмө берген «Клооптун» мурдагы операторлору Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров адвокаты жок сурак бергендеги күнөөнү мойнун алган көрсөтмөлөрүнөн баш тартышты. Аларды өздөрүнө каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын кошмчалашты.

«Ушул тапта мен күнөөнү мойнума албайм. Биринчи жолу, чынымды айтсам коркконумдан мойнума алгам. Тергөө изоляторуна биринчи жолу түшкөм. Тергөө тарабынан да, мойнуңа алсаң эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгасың деген сунуш болгон. Темир тор артына отуруп калуудан коркуп мойнума алгам», — деп айтып берди Жоомарт Дуулатов.

«Иштин материалдарында менин айтылып жаткан видеолорду монтаждап, кесип, бириктиргем деген көрсөтмөм бар. Бирок мен андай кылган эмесмин. Ушундай көрсөтмө берсең, ордуна үй камагына чыгарабыз дешкен [...] мен өзүмө жалаа жапканга аргасыз болгом», — дейт Александр Александров.

Андан тышкары, Александров менен Дуулатов басылмада иштеп жүргөн кездеги кызматтык милдеттери, кайсы материалдарды даярдаганы жана «Клоопту» ким жетектей турганы жөнүндө айтып беришти.

Александровдон соцтармактагы барактарына бийликке каршы сын-пикир жазганбы жана азыркы бийликке көз карашы тууралуу суроо берилди. Эске салсак, мурдагы оператор интернеттеги жеке посттору үчүн эмес, башка иш боюнча соттолуп жатат.

Ал соцтармакта бийликти сындабаганын айтты.

«Мени кармаганда “Клооптун” журналисти болгонум үчүн кармашты деп ойлогом. Мен чындап эле басылмада иштечүмүн, бирок аталган видео материалдарга эч кандай тиешем жок [...] Бул материалдардын автору дагы, аткаруучусу дагы эмесмин [...] Соцтармакта барагымды алпарбайм,  эч кандай саясий билдирүүлөр жок», — деп билдирди Александров.

Коллаж OCCRP

Сотто башаламандыкка чакырууга айыпталган «Клооптун» бухгалтерлери дагы көрсөтмө беришти. Алар уюмдагы финансыга байланышкан иштерин айтып беришти жана Temirov Live каналынын алпаруучусу Болот Темировду тааныбай турганын жана ал жарялаган материалдарды эч качан көрүшпөгөнүн баса белгилешти.

Эсепчилер «Клооптогу» же Temirov Live жарыялган материалдарга таптакыр тиешеси болбогонун белгилешти — анкени бул алардын компетенциясына кирбейт.

Башкы эсепчиге, күнөөнү мойнуңузга алгансызбы деген суроо берилди — ал «Клоопто» иштегенин гана мойнуна алганын айтты. Айыптоочу актыда деле бухгалтерлер басылмада иштегени үчүн айыпталганы жазылган. Бирок алар дагы мурдагы операторлор сыяктуу массалык башаламандыктарга чакырык беренесине айыпталып жатышат. 

Эсепчиге Кыргызстандагы «Клооптун» каржыланышы жана ага Болот Темировдун байланышы барбы деген суроо берилди.

«Жок, байланышы жок. Биз салык кызматына толук маалымат берчүбүз, баары ачык булактарда турат, анда биздин донорлор да жазылган», — деди ал, Темировдун келишимдерда дагы, донорлордун тизмесинде дагы болбогонун баса белгилеп.

Экинчи бухгалтерден массалык башаламандыкка чакырык жасагансызбы деп сурашты — ал жок деп жооп берди.

«Мен динге терең ишенген адаммын, кандай массалык башаламандык болбосун жектейм», — деди ал.

«Клооптун» журналисттеринин кармалышы 

28-29-май күндөрү Ошто жана Бишкекте «Клооптун» мурдагы жана азыр иштеп жаткан кызматкерлери, ошондой эле алардын жакындары массалык түрдө кармалышкан. УКМК кармалгандардын жарымын күбө катары суракка алып, адвокатты киргизбей бир нече саат кармаган соң, камерага кечирим суратып, экинчи «Клооп» менен иштешпейм деген убада алып боштушкан. Андан тышкары, кармалгандарды Болот Темиров боюнча сүйлөөгө мажбурлап, ал Польшада «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшин менн бирге жашайт деп айттырышкан.   

Кийин бул «деструктивдүү ишмердүүлүк» боюнча мойнуна алган көрсөтмөнү мурдагы эки оператор Жоомарт Дуулатов менен Александр Александровдун жана эки бухгалтердин ишинде аларга каршы далил катары пайдаланышкан.

«Клооптун» азыркы жана мурдагы кызматкерлеринин кармалышын укук коргоочулар жана бир катар эл аралык уюмдар сынга алышкан. Анын ичинде «Чек арасыз кабарчылар» (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) бар. Уюмдар «Клооптун» кармалган кызматкерлерин бошотууга жана журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.