Бишкектин Свердлов райондук соту 18-сентябрда укук коргоочу Рита Карасартовага өкүм чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Сот аны «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси (278-берененин 3-бөлүмү) боюнча күнөөлүү деп таап, беш жыл укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот деген чечим чыгарды.
Прокурор укук коргоочуну 10 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.
Карасартова апрелдин ортосунда кармалган, ошол бойдон абакта. Анын кылмыш иши жабык каралып келет. Бул иште Карасартова менен катар дагы үч айыпталуучу бар, бирок иш жашыруун болгондуктан аттары айтылбай келет.
Башында Карасартова өзүнүн кармалганын фейсбукка активист Тилекмат Куреновдун катын жарыялаганына байланыштырган. Бирок кийин кылмыш ишинде Куренов жок экенин, өзүнүн «оппозициячыл көз карашы менен Кыргызстанда бийликти алмаштырууга болгон күчүн жумшаганы» үчүн тор артында отурганын жазган.
«Бийлик алмашат деген түшүнүктүн өзү бийлик башындагылардын жүрөгүн түшүрөт», — деп жазган Карасартова 16-июлда ТИЗОдон жазган катында.
Бир катар укук коргоочу уюмдар Кыргызстандын бийлигин укук коргоочуну камакка алганы үчүн сынга алып, айыптоону алып, боштондукка чыгарууга чакырган.
Рита Карасартова мурда Кемпир-Абад ишинин фигуранты болгон. Анда 20дан ашуун адам «массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө» айыпталган. Бул иш боюнча айыпталгандардын баарын сот актаган.