IPHR «Клооптун» иши боюнча өкүмдү кооптуу прецент жараткан катачылык деп атады 

Адам укуктар үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR) белгиялык өкмөттүк эмес уюму «Клооптун» мурдагы кызматкерлерине чыккан айыптоочү өкүмгө байланыштуу билдирүү жасады. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чолпонай Уметалиева басылманын мурдагы төрт кызматкерин «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Судья эки оператор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду беш жылга эркинен ажыратып, эки бухгалтерди үч жыл пробацияга кескен.

IPHR уюмунан сот процесси «адилетсиз» өткөнүн жана бийликтин «Клоопко» каршы «репрессиялык кампаниясынын» жаңы этабы экенин билдиришти.

«Иштин жагдайлары “Клооптун” мурдагы кызматкерлерине карата айыптоолордун негизсиз экенин, олуттуу соттук ката кеткенин көрсөтүп турат. Бул иш Кыргызстандагы көз карандысыздыктын үнү болгондордун баарына коркунуч жараткан кооптуу прецедент», — деп эсептейт уюм.

IPHR уюму Кыргызстандын бийлигине төмөндөгүдөй чакырык таштады:  

  • «Клооптун» мурдагы кызматкерлерине коюлган айыптоолорду жокко чыгарып, соттолгон операторлорду жана негизгиз соттолгон башка бардык журналисттерди бошотууга; 
  • «Клоопко» жана башка ЖМКга болгон басымды токтотууга жана аларга эркин жана коопсуз иш алып барууга шарт түзүүгө; 
  • ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамды Кыргызстандын адам укуктары тармагындагы эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келгендей абалга алып келүүгө.

«Клооптун» мурдагы эки оператору менен эки бухгалтерин сот массалык башаламандыктарга чакырык беренеси боюнча, операторлор дагы, бухгалтерлер дагы тиешеси жок беш видео үчүн күнөөлүү деп тапты. Иштин материалдарындагы беш видеону иликтөөчү-журналист Болот Темиров даярдап, өзүнүн Temirov Live YouTube-каналына жарыялаган. Темиров өзү да мурда «Клооптун» экс-операторлору менен да, бухгалтерлери менен да тааныш эметигин бир нече жолу кайталаган. Ошондой эле каналындагы контентти толугу менен өзү даярдай турганын жарыялаган.

Эксперттер аталган видеолордон башаламандыкка түз чакырыктарды тапкан эмес, бирок эксперт-лингвист Таалайбек Абдыкожоев Болот Темировдун видеолорундагы «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек» деген ураанда чакырык болушу ыктымал деген тыянакка келген. Анткен менен, эксперт өзү да Болот Темировдун видеолоруна экспертиза жүргүзүлсө, бул иште «Клооптун» кандай катышы бар экенин түшүнө алган эмес.

Тергөө болсо Болот Темиров кандайдыр бир материалдарды «Клооптун» жетекчилигине берет, алар өз кезегинде операторлорго жеткирет деген оюнан кайтпай койгон, бирок далилдей алган эмес — анткени иштин материалдарындагы материалдар «Клоопко» жарыяланган эмес болчу. Ошондой эле, тергөө Болот Темиров «Клоопту» каржылайт деген маалыматка элди ишендирүүгө аракет кылган. Бирок бул жүйөсүн да далилдей алган эмес.

Тергөө кылмыш ишинин бир дагы жүйөсүн далилдей алган жок, ал эми операторлор буга чейин аларды үй камагына чыгуу үчүн күнөөнү мойнуңарга аласыңар деп мажбурлашканын айтып беришкен.