Human Rights Watch эл аралык укук коргоочу уюму «Клооптун» иши боюнча чыккан сот өкүмүн сынга алды. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чолпонай Уметалиева басылманын мурдагы төрт кызматкерин «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Судья эки оператор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду беш жылга эркинен ажыратып, эки бухгалтерди үч жыл пробацияга кескен.
Уюмдун билдирүүсүндө, айыпталуучуларга божомолдордон турган айыптар коюлганы айтылат.
«Дуулатов менен Александровдун ишинде башынан эле далилдер базасы жок болчу, аларга чыккан өкүм негизсиз экени көрүнүп турат. Аларга чыккан өкүм негизсиз жана жокко чыгарылууга тийиш. Бийликтин ЖМК эркиндигин жок кылып, башкача ойлонгондорду тынчытууга болгон умтулуусун ачык көрсөтөт», — деп билдирди HRW уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева.
Уюмдагылар «Клооптун» иши Кыргызстандагы эркин медиага жасалган басымдан кабар берет деген пикирде.
«“Клооптун” мурдагы кызматкерлерине чыккан өкүм Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин түн түшкөн доору болуп калды. Садыр Жапаровдун өкмөтү бир кезде региондогу эркин ЖМК башпаанек тапкан өлкөнү, журналисттер кадимки аткарган жумушу үчүн жылдап абакка камала турган өлкөгө айландырды», — деп баса белгиледи Султаналиева.
Буга чейин «Клооптун» мурдагы кызматкерлерине чыккан өкүмдү Amnesty International, Журналисттерли коргоо комитети (CPJ), «Чек арасыз кабарчылар» жана Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк (IPHR) уюму сынга алган.
«Клооптун» мурдагы эки оператору менен эки бухгалтерин сот массалык башаламандыктарга чакырык беренеси боюнча, операторлор дагы, бухгалтерлер дагы тиешеси жок беш видео үчүн күнөөлүү деп тапты. Иштин материалдарындагы беш видеону иликтөөчү-журналист Болот Темиров даярдап, өзүнүн Temirov Live YouTube-каналына жарыялаган. Темиров өзү да мурда «Клооптун» экс-операторлору менен да, бухгалтерлери менен да тааныш эметигин бир нече жолу кайталаган. Ошондой эле каналындагы контентти толугу менен өзү даярдай турганын жарыялаган.
Эксперттер аталган видеолордон башаламандыкка түз чакырыктарды тапкан эмес, бирок эксперт-лингвист Таалайбек Абдыкожоев Болот Темировдун видеолорундагы «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек» деген ураанда чакырык болушу ыктымал деген тыянакка келген. Анткен менен, эксперт өзү да Болот Темировдун видеолоруна экспертиза жүргүзүлсө, бул иште «Клооптун» кандай катышы бар экенин түшүнө алган эмес.
Тергөө болсо Болот Темиров кандайдыр бир материалдарды «Клооптун» жетекчилигине берет, алар өз кезегинде операторлорго жеткирет деген оюнан кайтпай койгон, бирок далилдей алган эмес — анткени иштин материалдарындагы материалдар «Клоопко» жарыяланган эмес болчу. Ошондой эле, тергөө Болот Темиров «Клоопту» каржылайт деген маалыматка элди ишендирүүгө аракет кылган. Бирок бул жүйөсүн да далилдей алган эмес.
Тергөө кылмыш ишинин бир дагы жүйөсүн далилдей алган жок, ал эми операторлор буга чейин аларды үй камагына чыгуу үчүн күнөөнү мойнуңарга аласыңар деп мажбурлашканын айтып беришкен.