Эмнеге «Клооптун» иши — бийликтин Болот Темировдун өч алуусу

Айдай Иргебайдын колонкасы.

Александр Александров и Жоомарт Дуулатов в суде. Фото: RFE/RL

 

 

 

 

 

Досторубуз жана мурдагы кесиптештерибиз Александр Александров менен Жоомарт Дуулатов эч качан жасабаган кылмыш үчүн беш жылга кесилди.  Аларды башка эле басылманын материалы үчүн соттошту. Балдардын буга таптакыр тиешеси жок болчу. Адвокаттар айыптоочу тараптын жүйө деп атоого ооз барбаган жүйлөрүнүн таш-талканын чыгарган бир нече сот отурумунан кийин, судья Чолпонай Уметалиева тез эле өкүм чыгара салды — эки оператор жаш бала беш жылга эркинен ажыратылып, эки бухгалтерге үч жылдык пробациялык көзөмөл чегерди. Бул адамдар кандайча мыйзам бузганын эч ким даана түшүндүрө алган жок.

Чолпонай Уметалиева


«Жөн жерден эчтеке болбойт», «демек себеби бар да» — деп айтып жатышат айрым адамдар. Анткени алар бизден айырмаланып, акылга сыйбаган кылмыш иштеринин статистикасын жүргүзбөйт — өзүнө жазуучу онлайн-митинг үчүн соттолгон, чоң апа баалар кымбаттаганын айта салып айыпка жыгылган, же болбосо оппозиция өкүлүнүн акыркы катын жарыялаганы үчүн ТИЗОго түшкөн укук коргоочу айымдын окуясы эмне деген көрүнүш деген суроону бербейт. 

Мен «Клооптун» кызматкерлерине куугунтук эмнеден башталган жана бул акылга сыйбаган сототуруму  кандайча өткөнүн айтып берем. 

Май айынын таңында Ошто кесиптешибиз Зыягүл Болот кызы кармалганы тууралуу кабар келди. Жанында жүргөндөр эмне себептен кармадыңар деген суроо берсе, күч кызматкерлери — бийлик 2022-жылы эле өлкөдөн чыгарып салган иликтөөчү-журналист Болот Темировдун иши боюнча деп жооп беришкен. Биз анда бул себепке ишенген жокпуз, расмий маалымат берилет деп күтүп отурдук. Анткени кармалган журналист кыз Болот Темиров менен таптакыр байланышы жок болчу (Болот кызы деп фамилиясынын окшоштугу болбосо).

Андан көп өтпөй эле оператор жана видеоредактор Александр Александров кармалды дешти. Тергөөчүлөр анын Бишкектеги үйүнө барышыптыр. Тергөө эки шаарда бирдей иштеп жатты. Анын артынан эле, үч жыл мурда «Клоопто» смм-адис болуп иштеп кеткен Зара аттуу кызды кармашканы белгилүү болду. Зара журналистика тармагынан эбак кеткен болчу, дегеле басылмада жүргөндө макалага эмес, соцтармактагы креативге жооптуу болчу. 

«Иштин Болотко тиешеси жок окшойт», — деп ойлоп калганбыз анда биз. Болбосо үч жыл марда иштеп кеткен ссм-адистин кандай тиешеси бар? Анан редакциянын журналистин курбусу менен кошо, мурдагы операторду сүйлөшкөн кызы менен, дагы бир смм-адис жигитти кармаганы белгилүү болду. Акыркы болуп атайын кызматтан келген коноктор кеңсе-менеджери менен бухгалтердин үйүнө барышты.

Бул адамдардын бири да Болот Темировго жакындыгы жок болгондуктан, май айынын таңында Ошто опер кызматкери жөн эле сүйлөп койсо керек деген ойдо калганбыз. 

Бирок мурдагы журналист, азыркы мамлекеттик аппараттын кызматкери Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбук барагына кармалгандардын Болот Темиров менен байланышы тууралуу пост жазып чыкты — мында Темиров мыйзамдани тыш эмес экенин эске салуу адилетүү болчудай. Конституцияда Болот Темиров менен кызматташууга тыюу салынат деген берене жок, эгерде кармалгандардын куугунтукталган журналист менен кандайдыр бир катышы болгон күндө деле, мыйзам иштеген, сот органы көз карандысыз өлкөдө мыйзамсыздык болушу мүмкүн эмес эле. 

Орунбеков биздин кесиптештерди мазактап, күнөөсүздүк презумпциясын бузуп, Болот Темировдон акча алган жана ага жалган иликтөө жасоого жардамдашкан деп айыптады. Ал өзүн тергөөчү сезип, расмий айыптоо жарыялана электе пост жазды. Президенттик аппараттын өкүлү болуп туруп, бул саясий иш экенин кыйытып дагы эмес, баары качан эле чечилип калганын түз эле айтып койду.  

Ушундан кийин гана, УКМК биздин мурдагы кесиптештерди «деструктивдүү ишмердүүлүк» менен алектенгенбиз деп мажбурлап айттырып, «Клооп» менен мындан ары кызматташпайбыз деген убада берген видео жарыялады. Албетте, видеодо Болот Темировду дагы унутушкан жок. 

Кармалгандар таң заардан эле суракка алынган, аларга адвокаттарды киргизбей, жакындарына кайда экенинен кабар берүүгө да уруксат беришкен эмес. Айла жок УКМКнын имаратынын алдында кармалгандардын туугандары, кесиптештери, достору чогула башташкан. Адвокаттар, укук коргоочулар, жакындары имаратка кирүүгө аракет кылганы менен, мындан майнап чыккан эмес. Каш карайганда кармалган кыздар бошотулган, ал эми эки оператор — эбак редакцияда иштебей калган Жоомарт Дуулатов жана кетүүгө камынып жүргөн Александр Александров камакта калган. Ошондо гана экөө айыпталуучу болору түшүнүктүү боло баштады. 

Айыпталуучулардын катарына эсепчилер кийин кошулду, ишенбейсиңер го, бирок алар айлык маяна таратканы үчүн күнөөлөнүп жатат. Башкача айтканда, бухгалтердик иши үчүн.

Бирок бизде, балким редакциянын Болот Темиров менен бирге даярдаган журналисттик иликтөөлөрү үчүн кызматкерлер куугунтукталып жаткан болушу мүмкүн деген ой болгон. Андай иликтөөлөр «Клоопто» чынында жарыяланган, биз биргелешкен материалдарды чыгарганда басылма Темиров менен бирге иликтеди деп такай айтып келебиз. 

Мындай материалдар кандайча даярдала турганын айтып берейин. Кыргызстандан тышкары жүргөн иликтөөчүлөр командасы Болот сыяктуу эле материал даярдайт — маалыматтарды изилдейт, аны тастыктайт, чындыкты табууга аракет кылат. Аныкталган фактылардын негизинде видео даярдалат — Болот Темиров өзүнүн версиясын, «Клооп» редакциясы өзүнүн материалын даярдайт. Эгерде сиз бир темага арналган Болот Темировдун видеосун жана «Клооптун» материалын көргөн болсоңуз, экөө эки башка экенин байкамаксыз. Баса белгилеп кетсем, Темиров видеосун өз алдынча, даярдайт, «Клоопко» жакындабайт. 

Андыктан, расмий эч ким кызматташууга тыюу салбаса деле, Темировдун аты аталып жаткандыктан, биз айыптоочу актыдан биргелешкен иликтөөлөрдү көрөбүз деп ойлогонбуз. Бирок айыптоочу акты бизди танкалтырды.

Актыда тергөө беш материалды санап өткөн. Баары тең Темировдун YouTube-каналына жарыяланган. Бул анын материалдарынын түпнускасы. «Клооптун» баракчаларына материалдын өзү да, кыскача баяндамасы дагы чыккан эмес. 

Алар «Байлар эт жейт — жакырлар Доширак», «Жапаров алтынды Кипрге чыгарып кетип жатат», «Ысырапкорчулук жана репрессиялар: Бийлик кантип биздин озубузду жаап жатат», «Жапаровдордун калпы жана мактанычы: карыз, коррупция», «Кыргызстандын алтыны жоголду, миллиондорду ким алды». Көпчүлүгүндө президент Садыр Жапаровдун тигил же бул иштери тууралуу айтылат. 

О'кей, балким тергөөчүлөр да, судья дагы 21-кылымда, интернеттин доорунда, каалаган маалыматты бир заматта текшерип кое турган заманда, бул биздин макала эмес экенин билбейт дейли? Бирок ушул суроону бергенге мүмкүнчүлүк бар болчу да. Алар өздөрү деле муну жакшы билишет. Актоочу актыда эле түшүнүктүү болуп турат. 

Айыптоочу актыга далил катары Болот Темировдун иш аракетине анализ жана ага таандык беш материал жүктөлгөн бозомтук дискти кошушкан. Дискте Темировдун видеолору деп даана жазылып турат. Ал аз келгенсип, сот отурумунда сөз сүйлөгөн эксперттер Болот Темировдун видеолорун талдаганын ачык айтышууда. «Клооп» тууралуу сөз да болгон жок. 

Эксперттердин бири Таалайбек Абдыкожоев башаламандыкка чакырыктарды таап чыкты. Кантип тапты? Абдыкожоевге «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек» деген цитата жакпай калган. Бул ураанды Болот Темиров видеолорунун аягында дайыма кайталайт. Эксперттин пикиринде, Темиров анализденген беш видеодо өкмөттү душман катары сыпаттаган. Эске салсам, бул Болот Темиров эмес, «Клооптун» кызматкерлерин соттогон отурумдагы сөздөр. 

«Массалык башаламандыктарга түз чакырык жок. Түз чакырык — бул, мисалы “жүргүлө барып талкалайлы”, “досторуңарды чогулткула” дегенде болот. Анализденген материалдарда мындай жок. Бирок бул контекстте “Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек” деген ураанды бийликке каршы аракеттерди ойготуу катары чечмелесе болот», — деген ал.  

Баса, экинчи эксперт Айдин Өмүрзаков сотто Болот Темировдун видеолорунан эч кандай башаламандыкка чакырык көргөн жокмун деген пикирин айткан болчу. 

Тергөө айыптоочу актысы, бул адамдар «эл катары жашаса болмок», анын ордуна — андан ары оператор, бухгалтерлердин кадимки иш тартиби сүрөттөлүп, ошондуктан булар башаламандыктарга чакырууга катышкан деп жыйынтыкталат. 

Дал ушул Болот Темировдун беш видеосу үчүн биздин мурдагы кызматкерлер, эки оператор жана эки эсепчи соттолуп отурат. 

Ал тургай, мамлекеттик эксперттер да соттолуучулар эмне себептен «Клооптун» кызматкерлери экенин түшүнгөн жок. Бул видеону «Клооптун» бухгалтерлери менен операторлору даярдабаганы айдан ачык. Бул башка басылманын контенти. 

Мурдагы оператор Жоомарт Дуулатовго келсек, тергөөчүлөр абдан эле одоно ката кетиришкен.  Айыптоочу актыда ал бухгалтер деп көрсөтүлгөн. Бирок анын кызматтык милдеттери оператор деп сүрөттөлгөн. Баса, өкүмдү окуган судья дагы бир ката кетирди — бухгалтерди оператор деп атады. Ушундай боло берет деген окшойт, анткени иштин өзү деле ойдон токулган, прокурор айыпты далилдей алган жок, күбөлөр журналисттерге каршы көрсөтмө берген эмес, эксперттер Болоттун материалдарына экспертиза жүргүзүлсө, «Клооптун» мурдагы кызматкерлери эмнеге соттолуп жатканын түшүнгөн жок. Бирок буга эч ким көңүл бөлгөн жок, анткени соттун жыйынтыгы тээ май айынын таңында, кызматкерлер биринин артынан бири кармала баштаганда эле чечилип калгандай. 

Адвокаттар айыптоонун негизсиз экенин сөзмө сөз далилдеп коюшту. Ушундан кийрин деле, судья Чолпонай Уметалиева жок кылмыш үчүн эки жаш жигитти эркиндигинен ажыратты. Беш жылдык өмүрүн уурдады. 

Ошондо азыр эмне болуп жатат: мамлекет Кыргызстандагы жапырт төңкөрүш уюштурууга шыктуулар менен күрөш демиш болуп журналисттерге каршы күрөшүп жатабы же Болот Темировдон өч алуу үчүн, колу жеткендерди, керек болсо, ага байланышы жокторду дагы жалазап жатабы? «Клооптун» операторлору менен бухгалтерлери болбосо кимди камашмак? Темиров бир кезде лекция окуган студенттердиби? Же аты-жөнү окшош кишилердин баарынбы? 

Эмнеге Темиров деп сурашыңыз мүмкүн? Анткени ал Кыргызстанда жүргөндө эле аны саясий иш боюнча камоого аракет кылып, ишке ашпаган соң өлкөдөн күч менен кууп салышса да токтобой, чет өлкөдө жатып алып бийликке тиешелүү иликтөөлөрдү жарыялаганын токтоткон эмес. 

Мындан кийин бийлик өлкөдө калган Темировдун командасынын мүчөлөрүн жазалай баштаган — 11 журналист камакка алынган, арасында эбак эле редакцияда иштебей калгандар дагы бар болчу. Кармалгандарды тергөө изоляторунда кармап, акыры Темировдун жубайы менен уулу барымтада калган. Жаркыраган, сынбаган журналист аялы Махабатты темир тор артында, уулун — таенесинин колунда калтырып, азыр да кээде «балдар үйүнө» өткөрөбүз деп коркутуп келишет.   

Эми «Клооптун» мурдагы кызматкерлерине каршы айыптоочу актынын көп бөлүгү Темировго гана арналган. Анын видеосу. Анын видеосуна баалоо. Эксперттердин Болот тууралуу пикири. Ошондой эле, Болот Темиров учурда кайда болушу мүмкүн деген маалымат. Болбосо өздөрү Темировду жарандыктан ажыратып, экинчи кайтып келгис кылып өлкөдөн чыгарып салышкан — эми издеп, таба албай жатышат.  

Анда менде бир суроо бар. Эгерде өз колуңар менен өлкөдөн чыгарып салган журналисттен өч алууну көксөп жатсаңар, Болот Темировго тиешеси жок, анын материалдарын жарыялабаган «Клооптун» операторлору менен бухгалтерлеринин буга кандай тиешеси бар? Эмне себептен видеоматериал даядоого кыйыр да катыштыгы жок адамдарды соттоп жатасыңар? Бул маалыматты тергөөчүлөр, соттор, адвокаттар, каалаган адам көрүп-билип турат. Ошондо, менин досторум эмнеге соттолду, эмнеге алар беш жыл түрмөдө отурушу керек?