Иликтөө: Жапаров Илан Шордун $17,9 миллиондук учагын колдонууда

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров качкын олигарх Илан Шордун бинес-джети менен учуп жүрөт. Бул тууралуу молдовалык  IPN маалымат агенттиги жазды. Буга чейин Кыргызстандагы эки банк Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө айыпталып, чектөө салынган — эки учурда тең Шордун аты аталган. 

 IPN агенттигинин маалыматына караганда, Шор Gulfstream G450 учагын $17,9 млнго ортомчулар аркылуу сатып алган. 

Редакциянын колуна тийген «Шор тобунун» ички документтерине караганда, 2024-жылы декабрда ижара алуу менен андан кийин сатып алуу келишими түзүлгөн, ал эми кийинки жылы мартта учак Бишкекке жеткирилген. Жапаров расмий жана жеке сапарларга такай ушул учакта каттайт.  

Мындан тышкары, IPN Шор ортомчулар аркылуу сатып алган дагы бир учакты тапты — 21,8 млн долларлык Gulfstream G650. Бул ирет контрагент катары Шордун ишенимдүү адамы Виктор Гуцуляк чыккан. 

Бул учакты ким колдонот — белгисиз, бирок Flightradar колдонмосунун маалыматына таянсак, учак 4-сентябрда Бишкекке келген. 

 

 

 

 

Президенттин администрациясы азырынча бул маалыматка комментарий бере элек. 

Схеманын чоо-жайын басылма төмөндөгүдөй сүрөттөйт:

2024-жылы 19-декабрда эч кимге белгисиз молдовалык Радион Мунтяну түркиялык ишкер Зафер Халиди менен миллиондогон каражатка келишим түзөт. Келишимге ылайык, Мунтяну Халидиге Gulfstream G450 бизнес-джетин сатып алууга 17,9 млн доллар кредит берет. 

Формалдуу бул займ. Бирок документтерде так жазылып турат: самолет сатып алынып, кызматтарды колдонуп, андан соң Мунтяну айткан компаниянын балансына өтүшү керек болгон. 

2025-жылы мартта Gulfstream Бишкекке жетет. Борбор Азиянын үстүнөн Mangrove Jet Solutions логотиби менен учуп өтөт. Бул компаниянын домени орусиялык North-West авиакомпаниясы менен байланышы бар дубайлык Aquila Sky Aviation Trading Brokerage компаниясында каттоодон өткөн. Ал бийлик башында отурган кардарларды тейлегени менен белгилүү. 

Кийинчерээк борт Зафер Халидинин Zafer Air фирмасынын башкаруусуна өтөт. Иш жүзүндө болсо Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров колдонуп келет.

Илан Шордун Кыргызстандагы кызыкчылыктары 

Шор өзүнүн крипто-активдеринин бир бөлүгүн Кыргызстанда сактайт. Мурда бир нече атамекендик компания жана крипта биржасы санкцияга кабылган болчу. Андан тышкары Орусияга жардам бергени үчүн кыргызстандык эки банк — «Керемет Банк» жана «Капитал Банк» санкцияга кабылган. Эки учурда тең Шордун ысмы айтылган. 

АКШнын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Шор «санкцияларды буйтап өтүүдөгү “Керемет Банктын” ролу» боюнча талкууларга катышкан. Улуу Британия өз кезегинде Орусия «Капитал Банкты» аскерий товарларды сатып алууга пайдаланган деп билдирген

Садыр Жапаров бул айыптоолор суу кечпей турганын бир нече жолу кайталаган. Жакында эле бул тууралуу БУУда сүйлөгөн сөзүндө айтып өттү. Анын айтымында, кыргыз компаниялары менен банктарына каршы санкциялар «жалган маалыматтарга негизделген». 

«Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө», — деген президент.

Садыр Жапаров Кыргызстандагы Илан Шор саякаттоого жардам берген биринчи президент эмес. 2015-жылы Шордун авиакомпаниясынын учагында, Москвага Владимир Путин менен расмий жолугушууга ошол кездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да учуп барган