Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатууну чечти

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 25-сентябрдагы жыйында өзүн өзү таркатуу токтомун кабыл алды. Каттоодон өткөн 89 депутаттын 84ү макул деп жооп берди. Каршылар болгон жок.

Өзүн өзү таркатууну демилгелеген 32 депутаттын бири Улан Примов мындай чечимдин эки себебин атады:

  • парламенттик шайлоонун жаңы системасы;
  • Жогорку Кеңеш менен президенттик шайлоонун ортосундагы чукул мөөнөт. 

«Эмдиги жылы эки маанилүү окуянын, тагыраагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа келгендигине байланыштуу ортодогу айырма кыска убакытты түзүп калууда. Ошондуктан демилгечи топ өлкөдөгү саясий системаны жана туруктуулукту чыңдоо максатында парламентке өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө тапшырууну сунуштайт», — деди Примов.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Тургунбек уулу VII чакырылыш жаңы парламент түптөлгөнгө чейин легитимдүү иштей берет деп белгилеп өттү. 

Эми президент Садыр Жапаров өзүн өзү таркатуудан кийин беш күн аралыгында мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялашы керек. Мөөнөтүнөн мурда шайлоодо ЖК депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү 3/1ге кыскарат. Башкача айтканда, эгерде президенттин жарлыгы 30-сентябрда чыкса, 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүгө тийиш.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо жаңы система боюнча өтөт — 30 округдан 3төн депутат шайланат, алардын экөө эркек, бирөө аял киши болот.