Президент Садыр Жапаровдун администрациясы Кыргызстанда өлүм жазасын кайрадан киргизүүгө багытталган мыйзам долбоорун демилгеледи. Документте жаш балдарды зордуктоого, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүүгө өлүм жазасы берилиши мүмкүн деп айтылат. Долбоор koomtalkuu.gov.kg порталына коомдук талкууга чыгарылды — талкуу 28-октябрга чейин уланат.
Мыйзам долбоорунда Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушталган. Ага ылайык, авторлор Баш мыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүмүндөгү:
«Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат деген ченемди:
Өлүм жазасы балдарды зордуктоо, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн гана мыйзам менен белгилениши мүмкүн» деп өзгөрткүсү келет.
Документте Кыргызстанда жаш балдарга жана аялдарга карата өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде зордуктоо жана адам өлтүрүү, зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү көбөйгөнү, бул жагдай коомчулукту жана мамлекетти абдан тынчсыздандырып жатканы белгиленген.
«Ошол эле учурда массалык маалымат каражаттарында жарыяланган балдарга карата зомбулук, зордуктоо менен коштолгон аялдарды өлтүрүү фактылары көнүмүш болуп баратат, коомду бул таң калтырбайт, ошондуктан бул коркунучтуу. Балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук жасаган ар бир адам бул коомдон тышкары болуп, эң каардуу жана адилеттүү жазага тартыла турган так чекти белгилөөгө убакыт келди», — деп эсептейт президенттин администрациясы.
Мыйзам долбоорунун авторлору өлүм жазасы соттук процедуралардын алкагында, жазалоонун өзгөчө чарасы катары колдонуларын баса белгилешет. Ошондой эле, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси референдум аркылуу аныкталары айтылган.
Буга чейин өлүм жазасын кайтаруу тууралуу демилгени президент Садыр Жапаров дагы жарыялаган. Бул 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап, анан өлтүрүп кетишкенде болгон. Президенттин пикиринде, өлүм жазасы кирсе жаш балдарга жана аялдарга карата кылмыштарды «толугу менен токтото албаса да, санын кыскартууга» жардам берет.
Бир катар эксперттер жана активисттер бул мыйзамга каршы чыгышты. Алардын арасында Аялдардын жана жаш балдардын укугун коргоо боюнча улуттук альянс жана БУУнун Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча башкармалыгы да бар. Алар өлүм жазасы балдарга жана аялдарга каршы кылмыштардын санын кыскарта албайт, ал эми чыныгы коргоо алдын алуу, оор кылмыштарга барган кооптуу жарандарга тыкыр көзөмөл жүргүзүү, жазадан кутулбастыктын кепилдиги, ошондой эле аялдарды жана жаш балдарды коргоо боюнча мамлекеттик программанын негизинде ишке ашарын белгилешет.
Буга чейин Кыргызстанда өлүм жазасын кайрадан киргизүү демилгеси 2022-жылы, жашы жете электерге карата чуулгандуу кылмыштар катталгандан кийин көтөрүлгөн. Анда депутаттар жаш балдарды зрдуктагандарга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун демилгелешкен.
Бирок айрым эксперттер менен депутаттар бул демилгеге каршы чыгып, Кыргызстандын сот тутуму адилетсиз, андыктан бийлик «жүздөгөн бейкүнөө адамдын өлүмүнө себепкер болуп калат» деп белгилешкен. Анда минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы каршы пикирин айтып, «Минкаб мындай импульсивдүү демилгелерден Конституцияны коргоп калууга катуу турат» деп белгилеген болчу.
Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилген. Ал эми 2007-жылы 25-июнда Жогорку Кеңеш жазалоонун мындай түрүн жокко чыгарып, эң жогорку жаза чарасы деп өмүр бою эркинен ажыратууну бекиткен.
Колдонуудагы Конституция өлүм жазасына тыюу салат.