Өлкөдө канча майнинг-ферма бар? Спойлер — белгисиз. Бийлик муну сыр кылып, жашырып келет 

Кыргызстандагы энергокризистин шартында, президент Садыр Жапаров өлкөдө эки гана майнинг-ферма бар экенин, азыр электр энергиясын үнөмдөө максатында экөө тең ишин токтотконун билдирди

«Бизде эки эле майнинг ферма иштейт. Экөө тең менин көзөмөлүмдө. Бирөө Кеминде, экинчиси Камбар-Ата 2де[...] Ал эки майнинг фермадан мамлекетибиз миллиондогон пайда көрүп жатканыбызга карабай экөөнү тең убактылуу жаптык», — деди ал.  

Жапаров Кеминдеги «Соларкоин» компаниясына таандык жана Бакиевге байланышы бар, Камбар-Атадагы «МБТ Строй» фермалары тууралуу айтып жатат. «Клооп» буга чейин компаниялардын артында ким турат, алар электр энергиясын кандай баада жана кайсы жактан алышарын иликтеген болчу. 

Бирок, чынында эле болгону эки майнинг-ферма барбы жана алар чындап эле ишин токтоттубу — белгисиз. 

Кыргызстанда канча майнин-ферма бар экени тууралуу так маалымат жок — бийлик 2024-жылы бир гана ферма бар деп келишкен, 2025-жылы экөө экенин мойнуна алды. 

Ошол эле учурда майнингге болгон салыктан бюджетке түшкөн каражаттын өлчөмү көбөйүүдө, энергетика министри Таалайбек Ибраев болсо майнинг тармагында иштеген компаниялар боюнча бир нече жолу ар башка маалыматтарды жарыялаган. 

2024-жылы апрелде энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда 31 майнинг компания каттоодон өткөнүн, бирок 9 ферма гана иштеп жатканын билдирген. Ибраев алар менчик чакан ГЭСтерден кубат аларын кайталаган. 

Андан бир ай мурда болсо, Ибраев парламентке келип, өлкөдө бир гана майнинг-ферма иштеп жатканын айтып, бирок күтүлбөгөн жерден алардын саны көп деле болушу мүмкүн деп оозунан чыгып кеткен. Бул окуядан кийин, энергетика министринин орун басары өлкөдө 25 майнинг-ферма бар деп айтып чыккан

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын расмий реестрине ылайык, жети компаниянын майнинг менен алектенүүгө жарактуу сертификаты бар. Ошол эле учурда, бул компаниялар канча майнинг-ферма түздү жана азыр иштеп жатабы же жокпу, белгисиз. 

Лицензия белгисиз мөөнөткө берилет, бирок каттоонун жана майнинг ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн сертификат берүүнүн тартибине ылайык, 12 айдан ашуун майнинг менен алектенбесе жарактан чыгат. 

Электр энергиясын керектөө көбөйүп, жарандардын күнүмдүк жашоосуна дагы жетишсиз болуп жаткандыктан майнинг-фермалардын темасы кайрадан актуалдуу боло баштады. 

2021-жылы, УКМК мыйзамсыз майнинг менен катуу күрөш баштаганда, атайын кызмат өлкөдөгү узакка созулган энергокризистин себептеринин бири майнинг фермалар деп атаган. 

Ошентип 2023-жылы журналисттер Кеминде майнинг-ферма иштеп жатканы тууралуу иликтөө чыгара башташкан — анда «Соларкоин» компаниясы тууралуу сөз болгон. Анда Садыр Жапаров ферма бийликтин уруксаты менен курулганын тастыктап, Камбар-Ата-2деги бир майнинг-ферманын четин чыгарган. 

Журналисттер Кыргызстандагы майнингдин артынан түшүп, экинчи ферма Бакиевдер менен байланышы бар экенин аныктагандан кийин, бийлик электр энергиясын керектөөнүн көлөмү тууралуу маалыматты жашыра баштаган. Бул маалымат аркылуу мурда Кыргызстанда кайсы өндүрүш электр энергиясын эң көп керектеп жатканын аныктоого жардам берчү. 

Ушул эле маалыматтан майнинг-фермалардын керектөөсүнүн өлчөмү билинип турчу. Мисалы, 2023-жылы «Соларкоин» компаниясы Кыргызстан боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн ичинен 48,5 млн киловатт саат коротуп экинчи орунда болгон. Бул чакан шаардын бир айлык керектөөсүнө барабар. 

Дисклеймер: Сот «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн жана басылманын материалдарын экстремисттик деп тапкан. «Клооптун» видеолоруна жакты белгисин басуу, комментарий калтыруу жана бөлүшүү кооптуу. Бирок окуганга жана видеолорун көргөн коркунучтуу эмес.