Айланада баары эле бизди алдап кеткиси келип жаткандай сезилет. Кээде вотсапты ачып ата-энеңден кабатыр кылган кат келгенин көрөбүз: «Тез оку! Бизге банктан жазышыптыр!» деп. А сен дароо бул шылуундардын торго илүү ыкмасы экенин түшүнөсүң.
Саясатчылар бирди айтып, эртеси башканы кылат. Бийлик экологияга кам көрүүнү убада кылып коюп, бирок жолдорду кеңейтүү үчүн бак-дарактарды кыйып атканын көрөсүң.
Компаниялар «алардын продукциясын албасаң жашооң өтпөй каларын» айтышса, ChatGPT өңдүү нейротүйүндөр так жоопторду берүүнүн ордуна, акылга сыйбаган нерселерди жиберип башты оорутат.
Мындан тышкары, соцтүйүндөр да бар. Ал жерде дээрлик ар бир экинчи пост жасалма интеллект тарабынан иштелип чыккан «сүрөт» же «видео». Кимдир бирөө аны лайк чогултуу үчүн, башкалары алдоо максатында кылат.
Бүгүнкү күндө манипуляция кылуу оңой болуп калды, анын үстүнө бат да жайылат. Муну кыларга иш жок болгондуктан эмес, көп учурда коомдук пикирге же шайлоолордун жыйынтыгына таасир этүү максатында кылышат. Же болбосо дүрбөлөң салып, ишенчээк адамдардын эсебинен пайда табууну көздөшөт.
Андан ары — домино эффектиси ишин баштайт. Кимдир бирөө мындай фейкти үй-бүлөсүнүн чатына жиберет, дагы башкасы сторисине чыгарат. Адамдар ишенип, бөлүшө берет. Ошентип отуруп жалган маалымат өлкө боюнча жайылат. Мындан шылуундар менен эле арамза саясатчылар утат. Калгандарынын баары — утулат.
Мына ошондуктан жалганды аныктап-ажыратып, таанып, маалымат булактарды текшерип жана сынчыл ой-жүгүрткөндү билүү өтө маанилүү. Азыр технологиялар биз аларга көнүп, үйрөнгүчө эле тез өнүгүп жаткан заман. Бизди коргой ала турган жалгыз нерсе — бул биздин билим.
Биздин фактчекинг боюнча курста дал ушуларды карап, талдап чыгабыз. Кантип манипуляциянын тузагына түшүп калбоо керек? Эмнеге көңүл буруу керек? Сиз же сиздин жакындарыңыз алданып калбашы үчүн фейктерди таанып-билгенди кантип үйрөнүш керек?