«Келечек» базарынын соодагерлерин мажбурлап көчүрүп жаткан Оштун четиндеги жаңы базардын курулушуна УКМК төрагасынын инисинин досунун тиешеси бар. Кыязы, «Келечекти» тартып алып, көп кабаттуу үйлөр салынат окшойт: Камчыбек Ташиев менен базардын ээсинин ортосунда мурдатан келе жаткан чыры бар.

Соодагерлердин чыгымын эч ким төлөбөйт, жаңы базардан орун сатып алууга аларда каражаттары жок, бул аз келгенсип көчкүлө деп берген орун сатуучуларга жайсыз, шаардыктарга ыңгайсыз. Натыйжада 1200 адам канча жылдык эмгегинен, балдарынын келечегинен ажырап жатат. Алар бийликтен көчүрүү чечиминен баш тартып же камынууга убакыт берүүнү суранып келишет. Бирок бул долбоорго чоңдордун акчасы кирип кеткендиктен, өзүнүн чыгымын акташ үчүн майдаларды садага чапканга даяр.

Кийим-кече саткан «Келечек» базары 2002-2003-жылдары Оштун борборундагы насос заводунун ордунда пайда болгон. Азыр мында 1200 адам соода кылат, деп айтып беришти, соодагерлер «Клоопко». Соода-сатык Дордойдогудай, эки кабат болуп орнотулган деңиз контейнерлеринде жүрөт. Биринчи кабатта соода түйүнү, экинчи кабат — товар сактаган кампа. Базардын ээси бул контейнерлерди жубу менен соодагерлерге орточо 20-30 миң доллардан менчикке саткан, дешет алар. Контейнер жайгашкан жердин ижара акысына базардын ээсине айына расмий 1,5дан 2,5 миң сомго чейин төлөшөт.

Бир жыл мурда, Оштогу Борбордук базарды сел басканда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ошол кездеги мэр Бактыбек Жетигеновго эки ай аралыгында базарды көчүрүү тапшырмасын берген. Кийин Жетигенов кызматынан бошотулган. Жаңы мэр Жеңишбек Токторбаев келгенден кийин курулуш иштери эки этапка бөлүнгөн: 2 миң соода түйүнүн 2025-жылдын 1-июлуна чейин, дагы миң орунду 1-августка чейин куруп бүтүү керек.

Жаңы базар Осмонов 62 дарегинде курулуп жатат. Бул Кызыл-Кыштак айылынын мурдагы айдоо талаасы. 2023-жылы айыл Ош шаарынын курамына кирген. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жер ресурстары агенттиги айдоо талаасын мэрияга мөөнөтсүз колдонууга берген. Ушул жылдын февраль айында жарыяланган долбоорго ылайык, бул базар 29,51 гектар аймакты ээлеши керек.

Ушул аймакка селден жабыркаган Борбордук базар көчүрүлөт деп болжонгон. Бирок 2025-жылы жазында ал жакка эч качан сел коркунучу болбогон эле «Келечек» көчөт деген имиш тараган. Май айында Токторбаев жаңы базарга дароо төрт базар — «Келечек», «Бексултан», «Кийим-кечек» жана курулуш материалдарын саткан «Шейит-Дөбө» базарлары көчөт деп айтып чыккан.

Чиновниктер Ош шаардык кеңешинин токтому менен мэрдин борбордогу тыгынды азайтуу үчүн базарларды шаар сыртына чыгаруу керек деген билдирүүсүнө таянышууда. Ушул негизде соодагерлерге «Келечектеги» контейнерлерди алгыла деген талап коюлуп жатат.

Көчкөндө да бир күндө, 1-июлга чейин деп мөөнөт берилген. Кийин ал 15-июлга жылды, дешти соодагерлер «Клоопко». Оштун мэри болсо, качан гана «Келечек» көчүп барганда жаңы базар расмий ачыларын айтып жатат. 15-июлда мэрия соодагерлерге расмий эскертүү берип, жакын арада жарык жана суу өчүрүлөт деп билдирди. Юридикалык жактан бул күмөндүү талап: «Келечек» бирөөнүн менчиги, ал жайгашкан жер дагы менчикке өткөн. Эми Токторбаев базарды 31-июлга чейин көчүрүүнү талап кылып жатат.

Борбордогу контейнеринен — шаардын четиндеги бирөөнүн «тоокканасына»

Соодагерлер көчүүгө даяр эмес. Жана алар ишенимдүү аргументтерди келтиришүүдө.

Фото: Ыдырыс Исаков

«Келечекте» алардын товар сактаган кампасы кошуп жасалган контейнерлери бар. Соодагерлердин белгилешинче, базардагы катарлардын ортосу беш метр болуп, өрт өчүрүүчү унаа кенен кирип чыгат. Жаңы базарда катарлардын аралыгы төрт метр, ал эми соода кыла турчу жай жука металлопрофилден жасалган бир кабаттуу бокстор. Бокстор дагы жука ОСБ менен капталган, жылууланган эмес. Соодагерлер өзү жана журналист Ыдырыс Исаков муну көрүп чыккан соң, аларды «тоокканага» салыштырышкан: товар сактай турган жери жок, кышында суук, жайкысын ысык, кокус өрт чыкса ширеңкедей эле жалп күйүшү мүмкүн дешет алар. Ал эми июлдун ортосунда, Ошто жамгыр жаай баштаганда бокстордун чатыры да эптеп эле жасалып, үстүнөн суу куюулаары билинген.

Содагерлер учурунда он миңдеген доллар каражат салган «Келечектеги» орундары үчүн аларга эч ким кенемте төлөбөйт. Бирок эң арзан материалдардан курулган жаңы базардагы повильондорду, соодагерлердин айтымында, чарчы метрин 1000 доллардан сатып алууну сунушташкан. Азыр бул сумма 1500 долларга чыккан — дээрлик Бишкектеги батирдин баасындай. Натыйжада 12 метрлик ОСБ повильондун баасы 18 миң долларга чыгат. Жаңы базардан мындай павильон сатып алууга 1-2%ы макул болду дешти, «Клоопко» «Келечектин» өкүлдөрү. Сатуучулардын айтымында, калгандарында мындай акчасы жок.

«Келечекти» шаардын борборундагы жол тыгынын бөксөртөбүз деген шылтоо менен жака-белге көчүрүп жатышат. Бирок эски базарда деле ири унаа токтотмо бар. Анда базарчылар гана эмес алуучуларга да орун жетиштүү. Ал тургай коңшулаш кеңселер, дүкөндөр деле ушул унаа токтотмону пайдаланышат дешет, сатуучулар. Ал эми жаңы базарга эки тилкелүү, кууш Осмонов көчөсү алып барат. Эмитен эле ал көчөдө унаалар эки сааттап турушат. Базар ачылгандан кийин каттаган ансайын кыйындайт деп чочулап жатат алар.

Соодагерлер жаңы базарга башка себептерден деле кардарлар барбайт деген ойлорун ортого салууда. Ошто кадам сайын дүкөн, соода борборлору көп, азыр маркетплейстер дагы күч алды, деп ызаланышууда алар. Күнүмдүк колдонуудагы азык-түлүк алыш үчүн балким шаар сыртына барышы мүмкүн, ал эми кийим-кечек алганы барбайт, дешет алар ишенимдүү.

Бардык соодагерлердин үй-бүлөсү бар — «Келечек» алардын негизги киреше булагы. Көпчүлүгү товар алуу үчүн 5-7 миллиондук насыя алып коюшкан. Жыйынтыгында базардын көчүшү соодагерлер үчүн жабылып, таптакыр куру жалак калды дегенге барабар. Абалдан чыгуунун жалгыз жолу — чет өлкөгө кетип, мигрант болуп «пол жууп» иштөө керек, деп агынан жарылды соодагерлер. Бара турган жери баягы эле Орусия — андагы Борбор Азиядан барган мигранттардын абалы ансыз деле жылдан жылга мыйшык ыйлагыдай.

Ишкерлер «Келечекти» ордунда калтырып же көчүрүүнү 5 жылга чейин токтотуп турууну суранышууда. Шаардык кеңештин көчүрүү боюнча токтомун сотко даттанабыз деген үмүтү бар. Мэр компромис катары соодагерлерге жер бөлүп берели, контейнерлериңерди ошол жакка көчүргүлө деген сунуш берди. Бирок соодагерлер сунуштан баш тартты.

Ташиев Тумановго каршы

Келдибек Туманов

Азыр базар жайгашкан жер «Келечек»ЖАКна, Жалал-Абад тигүүчү фабрикасынын мурдагы директору Келдибек Тумановго тиешелүү. Ал 2001-жылы насос заводун сатып алып, ордуна базар куруп, соода орундарын ижарага берген.

Кубанычбек Туманов кызы менен

Камчыбек Ташиев менен Тумановдор көптөн бери тирешип жүрүшөт. Бир тууган Тумановдор — Жогорку Кеңештин депутаттары Токтогул жана Кубанычбек Туманов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жакындыгы бардай. Атамбаевдин учурунда болсо Садыр Жапаров абакка кирип, Ташиев абакка аз-аз калган. Кубанычбектин кызы молдавиялык олигарх Илан Шор менен бизнес кылчу — Атамбаев болсо анын компаниясына таандык учак менен Молдовага, Орусияга учуп жүрчү. Ыраматылык Токтогул Тумановду болсо Ташиев Жалал-Абаддын эң бай адамдарынын бири деп атаган. Ал кезинде 2010-жылы парламентке атамбаевчил КСДП партиясы менен келген.

Токтогул Туманов

2015-жылы жазда, парламенттик шайлоого чейин Ташиев менен Токтогул Туманов уруша кеткен. Туманов Ташиевдин буйругу менен «каралап» жатат деп «7-канал» менен соттошкон. Ошол кезде Келдибек Тумановдон Сузак районунун Барпы айылындагы «Келечек» булагын тартып алууга аракет кылышкан. Бул булактан атактуу «Жалал-Абад» минерал суусу куюлат. Анда Келдибек Туманов депутаттарды сотко берген. Атаандаштары болсо Жогорку Кеңештеги агасы Токтогул Туманов — Сот жана укук-тартиби комитетинин төрагасы — сотторго басым кылып атат деп айтып чыгышкан.

Бийликке келгенден кийин, 2024-жылы Камчыбек Ташиев каратып туруп эле Жалал-Абаддагы автобазаны Тумановдордон тартып алган: 30 жыл мурда үч базаны тең мыйзамсыз менчиктештирип алган деген жүйө менен. Алынган автобаза шаарга кайра кайтарылган. Ташиевдин мекемеси анда кайтарылган автобазанын ордуна ипотекалык турак-жай курулат деп маалымат тараткан.

Эми базарга кезек жеткен сыяктуу.

«Келечек» МИК үчүн курмандыкка чалынып жатабы?

Базарды жол тыгыны менен күрөшүү максатында шаар сыртына чыгарабыз дегенге соодагерлер ишенбейт. Алар «Келечектин» ордуна соода борборун же көп кабаттуу турак-үй курушу мүмкүн деп божомолдошууда. Азыркы базардын аянты 2,5 гектарды ээлеп, Оштун чок ортосундагы, Навои жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Ушул версия тастыкталды. Бирок бийлик базардын ордуна Туманов өзү үй курганы жатат деп айтууда. Июнда, «Келечектин» ордун көргөнү келген минкаб башчысы Адылбек Касымалиев: «Эски базардын кожоюну эмне болду?» — деп суроо берген. «Ал базарды жаап, үй курам деп жатат», — деп жооп берген Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев. «Келечектин» аянтын эске алсак, ал жерге бир нече үй курулчудай.

Соодагерлердин айтымында, Ош мэриясынын чиновниктери «Келечектин» аймагы Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) берилет деп айтышкан. МИК азыр Ошто жигердүү курулуш жүргүзүп жатат.

МИКтен болсо «Клоопко» «Келечектин» ордуна курулуш башталары тууралуу кабары жок экенин айтышты. Чынында, Мамыров 86а дарегиндеги мурдагы кыш заводдун ордунда жүрүп жаткан курулуш иштери тууралуу деле МИКтен илең-салаң маалымат беришти. Болбосо андагы курулуш кызуу жүрүп, мамлекеттик ЖМКлар болушунча жар салып келишет. Завод «Ош Ак-Таш» ААКнын акционерлерине таандык болчу, кийин депутаттар аны МИКтин карамагына берген.

«Клооптун» Оштогу маектештери МИКтин «Келечектеги» жалданмачылары мэр Жеңишбек Токторбаевге байланышы бар компаниялар болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Анткени алар буга чейин МИК үчүн үй курушкан болчу. Майда президент Садыр Жапаров Сузактагы ипотекага курулган «Асман резиденс — 5» турак-жай комплексин Токторбаев Ташиевдин көзөмөлүндө курганын сыймыктануу менен айткан. Бирок жалданмачы-компаниянын аталышын президент дагы, ага караштуу Иш башкармалыкка тийиштүү МИК дагы ачык айткан эмес.

Издер Ташиевге алпарат

«Келечектин» соодагерлерине жаңы павильондорду сатуудан дагы бийликке жакын бизнесмендер пайда тапкысы келет. Алардын бири — Оштун шаардык кеңешинин депутаты Искакбек Майлиев.

Искакбек Майлиев

Бүгүнкү күндө базардын инвесторлорунун атынан элге ачык чыккан дагы Майлиев болууда. Бирок анын жүрүм-туруму кызыктай. Анын айтымында, базар мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк шартында (ГЧП) курулуп жатат, кийин мэриянын карамагына өткөрүп, өзүнүн үлүшүн алып калат. Ошол эле учурда үлүшү канча экенин, курулуштун өздүк наркы канчага түшкөнүн Майлиев «билбейт». Чынында бул өтө маанилүү: соодагерлер андагы чарчы метрдин наркы бир нече эсеге көп айтылганын какшап келишет.

Базардын дагы «үч же төрт» инвестору бар деген Майлиев, алардын атын атоодон баш тартып. Бир гана адамдын — Замир Толубаевдин атын атаган. Ал УКМК төрагасынын иниси Шайырбек Ташиевдин досу, баласы Элмирбек Кадыршаевдин бизнес-өнөктөшү. Толубаев мурда Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болчу, бийликке Ташиев келгенден кийин Ош шаардык кеңешине бекем орноп, ташиевчил «Жаңы Кыргызстан» партиясынын өкүлү болгон.

Формалдуу алганда, бул кишинин базарга тиешеси жоктой. Бирок 21-майда ал Оштун мэрин жаңы базарга коштоп барып, тактадан кайсы жерге эмне куруларын айтып берип жатты. Журналист Ыдырыс Исаков узаткан «Толубаев базардын инвесторубу» деген түз суроого Майлиев «ооба» деп жооп берген. Бул эпизод тартылган видео Исаковдун ролигине түшпөй калган: аны сатуучулардын бири тартып алып, «Келечектин» ишкерлери өз ара сүйлөшкөн тайпага жүктөгөн.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Толубаевге «Кыргыз Ордо Курулуш» компаниясы таандык. Ал «Турак жана турак эмес имараттарды куруу» багытында иштейт. Ал эми Майлиев апрелдин аягында «жеке кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү» боюнча адистешкен «К-Стракт» фирмасын түптөгөн.

Шайырбек Ташиев

Толубаев — Шайырбек Ташиевдин өлкөнүн түштүгүндөгү базарлар менен байланышынын жалгыз далили эмес. Ага байланыштырып жаткан дагы бир адам — Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жусупбек Коргонбай уулу — Ноокатагы базардын кожоюну болуп алган, деп айтып жатат соодагерлер менен тартылган видеодо журналист Ыдырыс Исаков. Анын айтымында, Ташиевдин үй-бүлөсү менен «Кара-Суу» базарынын базаркому Нурбек Эргешовдун дагы катышы бар.

Кыскача жыйынтык чыгарсак. Камчыбек Ташиев эзелки атаандашы Тумановдун инисинен Жалал-Абаддагы автобазаны ачык эле тартып алат. Тартып алынган үч автобазанын бирин президенттин МИКне берет — МИКтин үйлөрүн болсо Ташиев менен жакын Оштун мэринин компаниялары куруп жатышат. Ошол эле мэр Тумановдун Оштун борборундагы менчик базарын шаар сыртына көчүрүп, ордуна «үй» кургусу келет. Көчүүдө соодагерлер тарткан зыяндын ордун эч ким толтургусу келбейт: токой кыйылып, чамынды чачылып жатат. Ал эми жаңы базардан пайда көргөндөрдүн арасында Ташиевдин инисинин досу дагы бар. УКМК төрагасы кайра-кайра кайталап жаткан коррупцияга каршы күрөш ушул го сыягы.