Кыргызстандык публицист, котормочулар Австралияда өткөн фестивалда байгелүү орунга ээ болушту

Кыргызстандык публицист жана котормочулар Австралияда өткөн эл аралык XI Ачык Евразия китеп форуму жана Адабият фестивалында (XI Open Eurasian Book Forum & Literature Festival) байгелүү орундарга ээ болду.

Маалыматка ылайык, философ, социолог жана акын Карыбек Байбосунов «Котормочулук» категориясында биринчи орунга татыды. Ал сынакка британ-кыргыз автору Шахсанем Мюррайдын «Муздак көлөкөлөр» чыгармасынын англисче котормосу менен катышты.

Ушул эле категорияда котормочу жана акын Эсенжан Абубакиров үчүнчү орунга ээ болду. Ал сынакта жазуучу Асель Аяпованын «Алия жана космос программасы» аттуу аңгемесинин англисче котормосун тартуулады.

Ал эми акын, жазуучу жана коомдук ишмер Бүбүйра Бектенова «Публицистика» категориясында биринчи орунду багындырса, ушул эле категорияда балдар акыны жана публицист Үмүтай Эралиева экинчи орунга татыды.

Ал эми «Академиялык иш» категориясында философ, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Жылдыз Урманбетова экинчи орунга ээ болду. Ал фестивалга «Суверендүү Кыргызстанын өзгөчө жолу: философиялык көз караш» (“Неординарный путь суверенного Кыргызстана: философский взгляд”) монографиясы менен катышты.

Фестиваль 2022-жылдын 10-16-декабрь күндөрү Австарлиянын Мельбурн шаарында өттү. Ага Австралия, АКШ, Улуу Британия, Бельгия, Германия, Түркия, Израиль, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Казакстандын акын, жазуучулары, публицист жана котормочулары катышты.

Тема боюнча:

Улуттук адабият күнүндө «Алтын калем» адабий сыйлыгы тапшырылды

2022-жылы чет тилинен кыргызчага которулуп, жарык көргөн 10 китеп