Материал жаңыланып турат
20-апрель күндүз балдарды салып бара жаткан автобус Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда кырсыкка кабылды. Алдын ала маалымат боюнча ооруканага 18 бала келип түштү, алардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат.
№3 Балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, жандандыруу бөлүмүндөгү төрт баланын бири өтө оор абалда.
«Кабар» маалыматтык агенттиги Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына таянып, 20-апрель күндүз Бишкек — «Манас» аэропорту трассасында мектеп автобусу менен GoBus кичи автобусу сүзүшкөнүн жазды.
Азыркы тапта милиция жол кырсыгынын себептерин тактап жатат.