ӨКМ: «Дордой» базарындагы «Кыргызстан» банкынын имараты өрттөнүп жатат

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы «Дордой» базарында жайгашкан «Кыргызстан» банкынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү 10:00 чамасында башталып, Свердлов райондук эки өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылды. Азыркы тапта өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. 

ӨКМден азырынча тилсиз жоонун келип чыгуу себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат берише элек.

Мааламат жаңыланып турат