Бишкекте айт намазга тапанча менен келген тургун кармалды

Бишкек шаарында Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болгон айт намазга тапанча менен келген тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 28-июнда Свердлов РИИБи билдирди.

Маалыматка ылайык, көзөмөл-өткөрүү пунктунан айт намазга келген 30 жаштагы эркек кишиден газ-травматикалык тапанча табылды. Милициядан шектүү куралды сактоого гана укуктуу болгонун белгилешти.

Сүрөт: Свердлов РИИБи

Учурда шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү башталды.

28-июнда Бишкек шаарындагы борбордук аянтта Курман айт майрамына карата намаз окулуп, ага миңдеген киши катышкан. Ага минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келишкен.

Өткөн жылы 7-июлда УКМК кызматкерлери Бишкекте айт намаз учурунда жардыруу уюштурууну көздөгөн чет өлкөлүк эки жаранды кармаган

Ведомстводон кармалгандар эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү экенин, алар Сириядан жасалма паспорт менен келишкенин белгилешкен. Ошондой эле аларга көмөктөшкөн кыргызстандыктар да кармалганын кошумчалашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте миңдеген киши айт намазга катышты

УКМК: Бишкекте айт намаз учурунда теракт уюштурууну көздөгөндөр кармалды

УКМК: Айт намазда теракт уюштурууну көздөгөндөрдү Кыргызстанда тосуп алган киши кармалды