«Азаттыктын» YouTube каналы хакердик чабуулга кабылганы айтылды

13-июлда «Азаттык» үналгысы YouTube каналы хакердик чабуулга кабылганын билдирди. Муну басылмага Google корпорациясынын YouTube командасы ырастады. 

Учурда каналды калыбына келтирүү аракети жүрүүдө. Азырынча хакердик чабуул ким тарабынан жана эмне максатта болгону такталып жатканы айтылды.

«Азаттыктын» YouTube каналы учурда жеткиликтүү эмес.

«Азаттык» үналгысынын YouTube каналы.

14-июлдан тарта дээрлик бардык интернет байланыш операторлору «Азаттыктын» расмий веб-сайттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтиришти.

Сайтты бөгөттөн чыгаруу тууралуу катты 12-июлда «Азаттык» менен тынчтык келишими бекитилгени тууралуу соттун чечиминен кийин Маданият министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине жиберген.

Тынчтык келишими

Бишкек шаардык соту 12-июлда Маданият министрлиги менен «Азаттыктын» ортосундагы «тынчтык келишимин» бекитип, «Азаттыктын» ЖМК катары ишмердигин токтотуу жөнүндөгү Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарган.

Басылмадан талаш жараткан видео, мындан ары «Настоящее время. Азиянын» веб-сайтында жана «Азаттыктын» сайтында «Эркин Европа/ Азаттык (RFE/RL) медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу жеткиликсиз» экенин белгилешкен

Ал эми Маданият министрлиги болсо «“Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү», — деп билдирген.

Видео мындан ары жеткиликтүү болбогондуктан Маданият министрлиги «Азаттык Медиага» карата бардык соттук териштирүүлөрүн токтоткон.  

Башкы беттеги сүрөт «Азаттык» басылмасынан алынды. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Азаттык» менен Маданият министрлиги «тынчтык» келишимин түзүп, соттук териштирүү токтотулду

Бектур Искендер: «Азаттыктын» бийлик менен келишимге барганы — бүткүл кыргыз медиа-коомчулугунун утулушу

Темиров: «Азаттыктын» тынчтык келишими — бийликтин куугунуна кабылгандарга карата чыккынчылык