Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда адам өлтүрүүгө шектелген 49 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 21-августта облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 20-август күнү таңкы сегиз чамалуу райондук милицияга эшиктин алдындагы сөөрүдө кебезге оролгон сөөк жатканы тууралуу кабар келген. Милициядан маркум 34 жаштагы аталган райондун тургуну экенин белгилешти.
![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/08/photo1692618607.jpeg)
Аталган факт Базар-Коргон РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
ТЕМА БОЮНЧА:
Ысык-Ата РИИБдин эки кызматкери адам өлтүрүү ишине байланыштуу кармалды