Музыкант Бектемир Төлөн уулу кастыкты козутуу иши боюнча сурак берди

21-августта Бишкекте милиция музыкант, акын жана активист Бектемир Төлөн уулун кармап кеткен. Ал «Көлмө» аймактык милиция бөлүмүндө суракка алынган. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук барагында билдирген.   

Бирок суракка эмне себеп болгону айтылган эмес. 

«Кечээ мага келем деген эле, мен үйдө болбой калган элем. Ушул китебин бүгүн мага таштап кетишти. Сүйүнүп алып калдым. Али окуй элекмин. Кармап кетишиптир. Кыргызстанда тынч жашайбызбы?» — деп жазган Абдирасулова. 

Кийинчерээк укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Төлөн уулу «расалык, этникалык, улуттук, аймактар аралык диний кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишине байланыштуу сурак бергенин билдирди.  

Ошол эле кезде укук коргоочу иштин башка жагдайлары «тергөөнүн жашыруун сыры болгондуктан» белгисиз экенин кошумчалады. Материал жарык көрөр алдында милиция «Клоопко» иштин чоо-жайын билдирген жок. Ошондой эле музыкант бул иште ким катары өтүп жатканы белгисиз.