Материал жаңыланат
24-августта «ПолитКлиника» басылмасы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексинде съёмка учурунда техникалык жабдыктарын күзөт кызматкерлери тартып алганын билдирди.
![](https://i1.wp.com/ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2023/08/PolitKlinika.jpg)
Билдирүүгө ылайык, күзөт кызматкерлери өздөрүн тааныштырбастан жана эч кандай түшүндүрмө бербей туруп дрондун башкаруучу пультун оператордун колунан жулуп тартып алышкан.
Учурда журналисттер учурда милиция кызматкерлерин күтүп жатышканы кабарланды.