Улукбек Байзаков Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү унаа спорту боюнча чемпионатта 1-орунду ээледи

Кыргыз спортчусу Улукбек Байзаков Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү унаа спорту боюнча чемпионатта «автослалом» багатында 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын унаа спорту боюнча курамасы Азия-Тынч океан чөлкөмүндөгү чемпионатка тарыхта биринчи жолу катышты. Байзаковдун байгеси — аталган чемпионатта Кыргызстан жеңген алгачкы медаль болуп калды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Чемпионат 1-октябрда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өттү. Ага 27 өлкөнүн курама командасы катышты.