Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү ата-энелик укуктан ажыратылды

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү ата-энелик укуктан ажыратылды, бирок ал чечимдин үстүнөн даттанмай болууда. Бул тууралуу кордолгон аялдын жактоочусу Индира Саутова «Клоопко» билдирди.  

«16-январда Чүй облусунун Сокулулук райсотунда А.Э. ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча жарандык иштин отуруму болду. Биздин доо канааттандырылып, ал ата-энелик укуктан ажыратылды. Аселдин мурдагы күйөөсү апелляцияга бере турганын билдирди», — деди Саутова. 

Жабыркаган Асел Ногойбаеванын сиңдиси Диана Елькин эжесинин мурдагы күйөөсү сот отурумга аралыктан (ТИЗОдо отуруп) катышканын жазды. 

«Сот отурумда бул зөөкүр Аселди жаман, камкордугу жок эне деп айыптады! Балдарын жакшы көрөрүн, аларды эч кимге, анын ичинде Аселге да ишенип таштабасын айтып, ата-энелик укуктан ажыратууга каршы чыкты», — деп жазды аялдын сиңдиси. 

Ошондой эле ал эжесинин мурдагы күйөөсүн өмүр бою эркинен ажыратуу үчүн петиция бар экенин да эске салды. Бул иш боюнча соттук отурум 23-январда башталат, бардык отурумдар жабык өтөт. 

2023-жылдын сентябрында 36 жаштагы Асел Ногойбаева бети-башы жана моюну кескиленген абалда ооруканага келип түшкөн. Аялдын кулак-мурду кесилгени белгилүү болгон. Бул факты боюнча милиция «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, жабырлануучунун 39 жаштагы мурдагы күйөөсүн кармаган.  

Жабырлануучу бул окуяга чейин дагы мурдагы күйөөсүнүн «зордук-зомбулугуна» арызданып, укук коргоо органдарына эки жолу кайрылганы белгилүү болгон, бирок ал соттолбой эле эркиндикте калган. Кийинчерээк Чүй облустук соту аялдын мурдагы жолдошун пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча чечимди жокко чыгарып, айыпталуучуну зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыраткан.