«Клоопту» жоюу боюнча сот: Айыптоочу тараптын күбөлөрү экспертизадагы аргументтерди түшүндүрө алышкан жок 

5-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда «Клооптун» юридикалык жактарынын бирөөсүн — «Клооп Медиа» КФ жоюу боюнча прокуратуранын доосун караган кезектеги отурум болуп өттү. 

Сот «Клооптун» адвокаттарынын өтүнүчү менен иштин материалдарына фондду кайра каттоо боюнча документтерди кошту. Анткени «Клооп Медиа» КФ уставына уюмдун ишмердүүлүгү боюнча түшүндүрмөлөрдү киргизип, ал эми негиздөөчүлөрдүн курамынан Бектур Искендер четтетилген. Ошондой эле иштин материалдарына «Клооптун» адвокаттарынын өтүнүчү менен басылманын материалдарына көз карандысыз экспертиза кошулган. 

Отурумда айып тагылып жаткан тараптын үч мүчөсүнөн — «Клооп Медианы» жоюу боюнча ишти тескегендердин арасындагы экспертизанын авторлору көрсөтмө берди. 

Эксперт Жекшенбек Аралбаев эксперттик корутунду жазбаганын, болгону «үстүртөн гана окуп чыгып кол койгонун» мойнуна алды. Аралбаев аларга «журналисттердин макалаларын окуп» уйкусу качкан жана эмоцианалдык жактан өзүн кармай албай калган абалдагы адамдар кайрыларын билдирди. Ал журналисттердин кайсы материалдары тууралуу кеп болгонун тактаган жок, ошондой эле далил жана статистика дагы бере алган жок. 

Ал эми  «Клооптун» кандай материалы «сексуалдык аномалиялардын» учуруна себеп болгонун сураганда — дал ушундай аргументти «эксперт - психологдор»  экспертизасында колдонушкан— жооп берүүнүн ордуна күлүп тутулду. 

Дагы башка эксперт, психиатр М.О. Курманалиев 2022-жылы тиешелүү сертификаты жок туруп эле экспертиза жүргүзгөнүн билдирди. Эксперт экенин тастыктоочу документти үч ай мурун гана алган.

Жыйынтыгында экси эксперт тең «Клооптун» адвокаттарынын суроосуна жооп берип жатып, зарыл болгон маалыматтарды кийинки отурумга даярдап алып келишерин айтышты. 

Эксперттер толук сотко келбегенине байланыштуу алар кийинки, 9-февралдагы жыйында да суралышат. 

«Клоопко» каршы доо 

2023-жылдын 28-августтунда Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган.

Өткөн жылдын 12-декабрында Бишкектин Октябрь райондук соту ​​сайтка жарыяланган 10 макалага кайрадан экспертиза дайындалганына байланыштуу өндүрүш токтотулган.

Бирок, «Медиа полиси институтунун» юристтери менен Кыргызстандын медиакоомчулугу шаардык прокуратуранын доо арызынын «күчү жок» деп эсептейт. Алар бир катар эл аралык уюмдардын катарында эле республиканын бийлигине кайрылып « “Клоопко” карата куугунттукту токтотуп» жана доо арызды чакыртып алууга үндөгөн билдирүү менен чыгышкан.