«Сапаттын» негиздөөчүсү Орхан Инанды аны Кыргызстандан кантип уурдашканын айтты

Түркиянын Жогорку соту тарабынан 21 жылга эркинен ажыратылган Кыргызстандагы «Сапат» лицейлер тармагынын мурдагы директору Орхан Инанды аны 3 жыл мурда Кыргызстандан кантип уурдап кетишкенин «Кронос» адам укуктарын коргоо уюмуна айтып берди.

Инандыны белгисиз кишилер 2021-жылы 30-май түнкү 23:00 чамасында адегенде унаа менен Кара-Балта тарапка алып барып, ал жерден башка унаага которордо көзүн таңып, ийне сайышканын, ошондой эле оң колу унаага түшөрдө сынганын айтты.

«Эки жагыма бирден киши отурду, алардын бири кыргыз болчу. Ал унаа менен болжолдуу Өзбекстанды көздөй бараттык, бир жерден узун туннел аркылуу өткөнүбүз эсимде. Жол бою суу сураганымда бир таттуу, бир ачуу суу берип, уктатуучу дарыларды да берип жатышты. Дайыма уктап жүргөндүктөн көп майда-чүйдөсүнө чейин эсимде жок. Бирок, менимче, машина менен жол 31-май күнү түшкө чейин созулду.

Андан соң [...] Өзбекстандын же Тажикстандын чек арасын көздөй жөнөп, чек арага жеткенибизде токтобой өтүп кеткенибиз эсимде. Андан кийин учактын үнүн уктум, чамамда аэропортко келдик окшойт. «Мерседес» унаасынан түшүрүп, көзүмдү ачышты. Жеке учак бар эле, учактын эшигине жеткенде “Түркияга кош келдиң” дешти. Учакка отурганда катуу сабашты. Учакта 2 түрк жана учкучтар болгон. Азиз деген аэропорттун кызматкери дагы бар болчу, учактагылардын бири мени менен унаада коштоп келгендердин бири болчу», — деп эскерди Инанды.

Учурда Анкарадагы Синжанда камагында жаткан Орхан Инандынын акыркы сүрөтү, 2024-жылдын 5-мартында өткөрүлгөн ачык жыйында тартылган. Булак: «Кронос»

Инанды Анкарага жеткенге чейин жерде бүк түшүп жатканын, аны сапардын аягына кез-кези менен чейин ур-тепкиге алышып, беткапчан эки киши видеого тартышканын айтты. Жеткенден кийин аны чечиндирип, кезектеги чоң унаанын арткы отургучтарына мажбурлап жаткырышкан.

Кийин төбөдө микрофон менен камерасы бар бөлмөгө киргизишип, башына кап кийгизип 35 күн кыйноого алышкан. Инанды ал арада анын бутуна атайын жабдык менен ток урдуруп, кызына зыян келтирешерин, керек болсо өзүн өлтүрүп коюшарын айтып коркутушканын да белгиледи.

Орхан Инанды сурактын акыркы күнүндө Түркиянын улуттук чалгындоо уюму (MIT) аны биргелешип иштөөгө чакырганын жана Фетхуллах Гүлендин (ФЕТО) жамаатынын азыркы абалы тууралуу маалымат берүүнү талап кылышканын айтты.

Инандынын уурдалышы

Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында уурдалган. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.

Ал арада «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү жана тилектештери Түркиянын элчилигинин алдында митингге чыгышып, Инанды ал жерде кармалып жатат деп шекшип, элчиликти тинтүүнү талап кылышкан.

Орхан Инандыны табуу талабы коюлган митингдердин бири. Сүрөт: Бакыт Төрөгелди / Azattyk

1-июнда президент Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Инандыны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Кийин Жапаров Түркияга барып, президент Режеп Эрдоган менен жолуккан. Түрк бийлиги мурда эле Орхан Инандыны аларга өткөрүп берүүнү жана Кыргызстандагы «Сапат» лицейлерин жабууну талап кылып келген.

Укук коргоо органдары Орхан Инанды изделип жатат деп маалымат берип турган учурда Эрдоган маселеге чекит коюп, Инанды Түркияда экенин билдирген. Тагыраагы, 5-июлда түрк башчысы Инандыны Түркияга өлкөнүн атайын кызматы алып келгенин айткан. Эрдоган Инандыны «ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган.

8-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев ФЕТО тууралуу сөз кылып, Кыргызстанда «башка өлкөлөрдүн саясий уюмдары болбошу керектигин» билдирген, бирок ошол эле маалда Кыргызстанда бул уюмдун мүчөлөрү бир да мыйзамсыз иштерге аралашканы байкалбаганын белгилеген. Андан сырткары, Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан анын Түркияда жоопко тартылышы мыйзамдуу экенин айткан.

Ошол эле жылы 23-октябрда президент Садыр Жапаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Инанды уурдалышы боюнча Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Анадолу»: Орхан Инанды 21 жылга кесилди

Жогорку сот Орхан Инандыны таап берем деп 50 миң доллар, автоунаа алган адамды актады