Жапаров апрель окуясынын катышуучуларынын жакындарына фабрика курууга жер бөлүп бергенин тастыктады

Бул тууралуу президент 22-июнда «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди. Садыр Жапаров 2010-жылдагы апрель окуясында 205 адам каза болуп, алардын жакындары биригип, акционердик коом ачканын белгиледи.

Анын айтымында, тургундар «Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убадасын берди. Бизге жер бөлүп бериңиз» деп суранышкан.

«Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразычылык сөздөрдү айтышты. [...] Баарынын акыбалын карап туруп бир чети боорум ооруса, экинчи чети 200 үй-бүлөгө шарт түзүп берем деп атса жакшы экен деген ойго келип, 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бердим. Мен 200 эмес, 2 эле үй-бүлөгө бирөө жарым шарт түзүп берип, жашоосун оңдоого салым кошсо кубанамын. Себеби ар бир кыргызстандыктын тагдыры өлкө башчы катары менин мойнумда», — деди өлкө башчысы.

Ошол эле учурда Жапаров фабрика курулар-курулбасын билбей турганын кошумчалады.

«Апрелчилер менен Бакиев кандай сүйлөшүштү, эмне деп келишишти мага белгисиз. Кыскасы менден кетпесин деп жер бөлүп бердим. Убакыт берели, фабрика салынбаса, жерди кайра мамлекетке тез эле кайтарып алып коёбуз», — деди президент.

Буга чейин, Темирлан Султанбеков, «Ыплас аракеттер» беренеси менен соттолуп, кийин пробациялык көзмөл менен бошотулган Усупбий Шеримбаевдин жетектөөсүндөгү «7-апрель ынтымагы» ишканасына минкаб 49 жылга тигүү фабрикасын иштетүү үчүн 1,6 гектар жер бөлүп берип жатканына нааразы болуп, президентке жана УКМКнын төрагасына кайрылган болчу.