ӨКМ: Тик учактын ижарага акысына 157 миң сомдон ашык төлөнгөн, баары мыйзамдуу

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өлкө башчы Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нургожоеванын «колун сураган» видеодогу тик учак мыйзамдуу түрдө ижарага берилгенин билдиришти.

«Алдын ала жеке жак менен ушул жылы 21-июнда бир саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 миң 662 сом төлөгөн», — деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле, жеке жактарга ижарага берилген тик учактан түшкөн каражат мамлекеттин эсебине түшүп, жаңы тик учактарды сатып алууга же башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолорун кошумчалашты. 

Буга чейин президенттин карындашы Лаззат Нургожоева «болочок жолдошу тик учак менен келип колун сураган» видеону жарыялаган. Бул үчүн ӨКМдин тик учагы ижарага алынып, аларды тоого алып чыгышкан.

Видео жарыяланган күндүн эртеси Жапаров карындашынын шаан-шөкөтү үчүн кечирим сураган.