«Клооптун» мобилография боюнча акысыз курсуна жазылыңыз — 15-июлда каттоо жабылат

Соцтүйүндөгү барагыңызды тыкан алып барып, коомдогу көйгөй же кызыктуу окуя тууралуу айтып бергиңиз келеби? Балким журналист болууну каалайсыз. Анда «Клооптун» мобилография боюнча акысыз онлайн курсуна кабыл алуу аяктагыча катталып алыңыз. Курстун биринчи окусуна каттоо 15-июлда аяктайт.

Курстун өзгөчөлүгү эмнеде?

Курс кыргыз тилинде жана толугу менен акысыз. Ага уюлдук телефонго сапатуу сүрөт, видео тартып, журналистика менен СММге кызыккандардын баары катыша алат. Адамдардын жаш-курагы боюнча эч кандай чектөө жок.

Курска катталган соң каалаган убакта, каалаган жерден окусаңыз болот. Анда теориялык гана билим албастан, ар бир сабактан соң практикалык тапшырма аткарасыз. Курс жумасына бир жолу кыска онлайн жолугушуу жана талкуу менен коштолот.

Бара-бара «Клооптун» сайтына макала жазып, биздин аймактык кабарчыбыз катары сыйакы алып иштей аласыз. Ал үчүн окуу аяктаганда «Клоопко» беш видео материал жарыялашыңыз керек болот. Эгер андай максатыңыз жок болсо, жөн эле билим алып, үйрөнүңүздү турмушта колдонсоңуз болот.

Курсту кайдан таап окуса болот?

Онлайн курс төрт бөлүктөн турат: Фотография, Видео, СММ жана Монтаж. Сабактар атайын колдонмого жүктөлгөн. Аны колдонуу өтө жөнөкөй!

Эгер телефонуңуз Android болсо Play Market, эгер iPhone болсо App Store’дон Okutool колдонмосун көчүрөсүз. Ал эми компьютерден окуганды кааласаңыз веб-версияны пайдалансаңыз болот.

Онлайн курс тууралуу маалыматты өткөрүп жибербеш үчүн биздин телеграм каналга кошулуңуз, ошондой эле инстаграмдагы барагыбызга катталыңыз!

Колдонмого жана окутууга байланыштуу суроолор болсо Whatsapp, Telegram'га кат жазыңыз.