Миң-Кушта сайга кулаган «Хово»: Министрлик аймакта радиация жогорулабаганын билдирди

Жаратылыш ресурстары министрлиги Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыгын ташыган «Хово» унаасы кулаган жердеги экспертизанын жыйынтыгы менен тааныштырды. Авария 1-июнда болгон.

Ведомстводон дозиметриялык текшерүүлөрдөн кийин радиациялык коопсуздук боюнча жол берилүүчү ченем жогору экени аныкталбаганын билдиришти.

«Дозиметриялык түзмөктөр саатына орточо 0,11-0,18 микрозивертти көрсөттү. Жол берилүүчү ченем — саатына 0,30 микрозиверт. Ошондой эле кырсык болгон жерден лабораториялык изилдөө үчүн топурактын жана суунун үлгүлөрү алынган, анын жыйынтыктары боюнча радиациялык фондун жогорулашы аныкталган жок», — деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле мекемеден авариянын себебин текшерүү үчүн түзүлгөн комиссия кырсык жол кыймылынын эрежелерин сактабаган айдоочунун айынан болгонун аныктаганын кошумчалады. Бул үчүн оор жүк таандык болгон «ЭРН-Строй» компаниясына 51 миң сом штраф салынган.

1-июнда Миң-Куш айылындагы «Туюк-Суу» аймагында уран калдыгын ташыган HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сайга кулаган. Башында ӨКМ кырсык болгон учурда жүк ташуучу унаа бош кетип баратканын билдирген. Бирок кийинчерээк ЖМКда кырсык болгон жерден тартылган видео чыккан, анда жүк ташуучу унаадан кара-сүргүн түстөгү топурак төгүлүп жатканы көрсөтүлгөн.

Жер казынасын пайдалануу боюнча парламент комитетинин 11-июндагы жыйынында жараталыш ресурстары министринин орун басары Медетбек Маметов унаа уран калдыгын ташып баратканын билдирген. Бул маалыматты кийин Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров четке кагып, унаа айылдын үстүндө совет доорунан калган, калкка зыяны жок калдыктарды ташып баратканын белгилеген. Көп өтпөй «Росатомдун» адистери калдыктар «туюк таңгакта» болгонун билдиришкен.

«Туюк-Суудагы» уран калдыктарын «Дальнее» сактоо жайына ташуу иштери өткөн жылдын август айында башталган. Аны орусиялык «Росатом» ишканасы ишке ашырууда.