Орусияда мигранттар үчүн киреше салыгын көбөйтүү сунушталды

Мамлекеттик Думадагы ЛДПР фракциясынын депутаттары патент боюнча иштеген мигранттар үчүн киреше салыгын 30 пайызга көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун даярдашты.

Учурда Орусиядагы жарандыгы жок ишкерлер 30%, патент менен иштеген мигранттар 13% салык төлөшөт.

ЛДПР фракциясынын лидери Леонид Слуцкий мигранттар тапкан акчасын мекенине жөнөтүп жаткандыктан, көбүрөөк салык төлөшү керек деп эсептейт.

«Акча мигранттардын мекенине эмес, биздин өлкөгө иштеши зарыл. Орусияда өз жарандарыбыз үчүн иш орундары керек», — деди Слуцкий.

Ошол эле маалда Орусиядагы ишкерлер акыркы жылдары өлкөдө жумушчулар жетишпей жатканын билдирүүдө. Буга негизинен адамдардын Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатышы, мобилизациядан качып чет өлкөлөргө чыгып кетүүсү, ошондой эле мигранттардын басмырлоолор жана антимигранттык мыйзамдардан улам мекенине кайтуусу себеп болууда.

Буга чейин Мамдуманын спикери Вячеслав Володин парламентте мигранттарга байланыштуу 20дан ашык мыйзам долбоору каралып жатканын билдирген. Алардын арасында мигранттардын медицина жана билим берүү тармагында, ошондой эле кирешеси 100 миң рублдан ашса курьер болуп иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоору да бар.

Июль айында орус депутаттары полицияга чет элдиктерди депортациялоого уруксат берген мыйзам долбоорун жактырган.

Августтун башында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Мамдумада талкууланып жаткан мигранттарга байланыштуу өзгөртүүлөрдүн кыргызстандыктарга тиешеси болбошу керектигин билдирген.

«ЕАЭБдин негизги принциптерине ылайык, биздин жарандар эмгек рыногунда эркин жана тең укукка ээ. Эгер башкача чечмелөөлөр жана биздин жарандарды үчүнчү өлкөлөрдөн барган мигранттарга теңештирүүлөр болсо, биз үчүн элибизге ЕАЭБге мүчө болуунун маанисин түшүндүрүү өтө оор болуп калат», — деген Байсалов.