Кыргызстанда ири бизнес чөйрөсү тынч эмес: төрт жылдан бери өлкөдө майлуу-сүттүү тармакты ич ара бөлүштүрүү жүрүп, азыр да кызып турган чагы. Бизнесте Жапаров-Ташиев бийлигинин тушунда иши жүрүшүп кеткен ишкерлер дагы бар. Алардын бири — нефтетрейдер жана мамлекеттик сатып алуулардын падышасы Акылбек Маматов. Анын ити чөп жеп калышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен жакындыгы себепкер.  

Мурда милицияда иштеген аткаминер Жалил Атамбаевди «Оштун ханы» деп коюшчу. ЖМКлар Кыргызстандын түштүгүндө ага ресторандар, кафелер жана май куюучу жайлардын түйүнү таандык деп жазышкан. Ал тургай Бел-Алма ири көмүр кенинин бейрасмий кожоюну дагы Атамбаев деп жүрүшкөн. 

 

 

 

 

 

 

Бирок Жапаров-Ташиев доорунда Жалил Атамбаевдин жылдызы жанбай калды. 2021-жылы коррупцияга каршы күрөш кампаниясынын алкагында Камчыбек Ташиев башында турган Улуттук коопсуздук комитети Атамбаевди мыйзамсыз байыды деп айыптап кармаган. УКМКнын маалыматына караганда, ал мамлекетке 100 млн сом төлөп бошонуп чыккан.

«Кыргызстан» Red Petroleum болгондо

2025-жылы июлда Жалил Атамбаев кайрадан камакка алынган — бул жолу кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту (УКТ) каржылоого айыпталган. «Клооп» аныктагандай, андан бир аз мурда Атамбаевдин Оштогу «Кыргызстан» деген үч май куюучу жайы «Ред Петролеум» деп аталып калган. 

Бул май куюучу жайлар түйүнүнүн ээси Акылбек Маматов. Маматов Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин вице-президенти. Биримдиктин төрагасы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. 

Бул АЗСтин экөө — Нариман айылында, дагы бири Оштогу Навои көчөсүндө жайгашкан. Ушул АЗС дагы деле Жалил Атамбаевдин баласы Маликбек Сатышовго катталган. Бирок күйүүчү майды «Ред Петролеум» бренди менен сатышууда. 

Кармап тур, бирок сындырып алба 

2025-жылы жазда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров досу Камчыбек Ташиев үй-бүлөсүнө танадык мунай базасын сатып, түшкөн акчага кичи мекени Сузак районуна төрөткана курмак болгонун жарыялаган. Кийин атайын кызматтын башчысы салынган оорукананы апасынын атынан атаган.

«Клооп» анда кеп Жалал-Абаддагы мунайбаза тууралуу болгонун аныктаган. База кыргыз-өзбек-азербайжан «Жалал-Абад мунайды кайра иштетүүчү заводу» ЖЧКсына таандык болчу. Компанияга Камчыбек Ташиевдин агасы Казыбек ээлик кылган, ал эми жетекчиси — иниси Шумкарбек Жаныбек уулу. 

2024-жылы октябрда Ташиевдин туугандары чындап эле мунайбазаны сатышканын аныктадык. Аны «Петро-Ресурс» коому сатып алган. 

Бирок жакырларга үй курууга сатылды делген Садыр Жапаровдун үйү сымал эле, Ташиевдин базасы дагы кожоюндарынан алыс кеткен эмес. Анткени «Петро-Ресурстун» кожоюну баягы эле Ташиевдин футболчу өнөктөшү жана «Ред Перолеум» түйүндөрүнүн ээси — Акылбек Маматов. 

Маматов деген ким жана анын ийгилигинин сыры эмнеде 

Нефтетрейдер Акылбек Маматов тууралуу «Клооп» буга чейин көп жолу жазган. Атасы Абдимуктар Маматов 2020-жылдан 2020-жылга чейин эки жолу Жогорку Кеңешке депутат болгон. Парламенттин Фискалдык саясат жана Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу комитеттеринин мүчөсү болгон. 

Атасы экинчи ирет депутат болгондо, 2015-2020-жылдар аралыгында, отун энергетикалык комплексинин мүчөсүнүн баласы Акылбек Маматов күйүүчү май жеткирүүгө байланышкан 3900дөн ашуун мамлекеттик келишимдерге кол коюп, натыйжада бир миллиард сомдон ашык пайда көргөн. 

Бул ачык эле кызыкчылыктар кагылышы болгон. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Акылбек Маматовдун компаниялары мамлекетке күйүүчү май сатууга акысы жок болчу, анткени атасы жогорку саясий кызматты аркалачу — анан калса, ушул тармакта. Бирок жаңы бийлик келгенден кийин, (Жалил Атамбаевден айырмаланып) Маматовдун дарегине эч кандай санкция салынган эмес. 

Ал гана эмес, «Клооп» Жапаров менен Ташиев келгенден кийин Маматов ишин ийгиликтүү улантканын аныктады. 2019-2022-жылга чейин анын «Альфа Ойл» компаниясы жалпы суммасы 685 млн сомду чапчыган 1800 келишимге кол койгон. Бул акчанын бештен бир бөлүгү «Альфа Ойлго» соодалашпай туруп тийген — күйүүчү май сатып алган мамлекеттик уюмдар менен түз келишим түзүүнүн негизинде. Ал эми конкурс талап кылынган айрым тендерлерде Маматовдун эки компаниясы катышып, атаандаштык жаратымыш болушкан. 

Кызыгы, атасы Абдимуктар Маматов 1996-жылдан 2006-жылга чейин Жалал-Абаддагы «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик мекемесинин аткаруучу директору болгон. Болжолу ошол аралыкта өзүнүн алгачкы компаниясын түптөгөн. Бизнесмендердин бири аны күйүүчү май бизнесин рейдерлик менен басып алууга айыптап, Абдимуктар Маматов муну четке каккан. 

Кийин «Кыргыз Петролеум Компанини» жетектөөгө Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков дайындалган. 2022-жылы Temirov Live аталган мамлекеттик компания Матисаковдун башкаруусунда, Ташиевдин башка туугандарына байланышы бар «Регион ойл» компаниясына мазут сатканын жазып чыккан. «Регион ойл» өз кезегинде, мазутту Өзбекстанга саткан — эки күндө мындан 37 млн сом пайда тапкан. 

Маматовдордун үй-бүлөсүн Ташиев менен Кыргызстандагы салттуу — географиялык байланыш бириктирип турат. Абдимуктар Маматов  Сузакта ири чиновник болгон — бул УКМК төрагасы менен бозгун президент Курманбек Бакиевдин кичи мекени. 2010-жылы ал Сузактын Жерге жайгашытруу жана кылмылсыз мүлккө болгон укукту каттоо башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Ошондо «Турмуш» басылмасы, Абдимуктар Маматов экс-депутат, 2010-жылдагы июнь окуяларын уюштуруу үчүн сыртынан өмүр бою кесилген Кадыржан Батыровдун үйүн бийликтен жашырып койгонун жазган. Кийин Батыровдун үйү Бакиевдин инисине берилген. 2016-жылы Абдимуктар Маматов Сузак районуна аким болуп иштеп турганда бул фактынын бети ачылып, ага кылмыш иши козголгон. Бул окуя кандайча аяктаганы белгисиз.

Мындан тышкары, Абдимуктар Маматов «КК Достук» Эл аралык коомдук фондунун негиздегендердин бири. Анын өнөктөгү Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков. Анан талапкерлигин БШКга Ташиев менен абйланыштырып жүргөн «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы сунуштаган. Кбатбеков дагы Сузактын кулуну.  

Мага эч нерсенин кереги жок, бул досторум үчүн  

«Мага эч кандай байлыктын кереги жок, мага жетишет, кудайга шүгүр. Эбегейсиз байлык топтоп, чалкалап бай болуп жатайын деген эч кандай оюм жок. Болбойт дагы, кылдырбайм дагы. Өзүмдү дагы, жакындарымды дагы. Бизге жетет, кудайга шүгүр», — деп билдирген Ташиев эл алдында

Маматовдун окуясы, Камчыбек Ташиевдин колтугуна кирген адам УКМК кармаган ишкерлердин бизнесин ээлеп калган биринчи окуя эмес. 2025-жылы мартта «Клооп» жана Temirov Live УКМК тарабынан өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин алтын кени Ташиевдин досуна өткөнүн жазып чыккан

Көлбаевди УКМК кызматкерлери 2023-жылы күзүндө өлтүрүшкөн. Андан соң комитет Көлбаевдин УКТна байланышы бар деген негизде ишкерлерди кармап баштаган. Кармалгандардын бири Азрет Боотаев, ага Көлбаевдин акчаларын адалдоо айыбы тагылган. Боотаев «Насоновское» алтын кенин казууга лицензиясы бар «Акжолтой Майнинг» компаниясынын ээси болчу. Ал УКМКнын камерасында отурганда, «Акжолтой Майнинг» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн арасына Ташиевдин жакын досу Айбек Алыбаев кирген. 

Фото: Айбек Алыбаев менен Камчыбек Ташиев Испанияда, 2025-жыл

Журналисттик иликтөө жарык көргөндөн кийин Азрет Боотаев «өз эрки менен», «эч кандай басымы жок эле» кен чыккан жерди Алыбаевдин наамына өткөрүп бергенин билдирген. Ал эми УКМК журналисттик иликтөө «чындыкка дал келбейт» деп жарыялаган — бирок кайсы жери жалган экенин тактаган эмес. Ошентсе да, «Клооптун» иликтөөсүнөн кийин Ташиев башкарган мекеме «Акжолтой Майнингдин» кенге болгон лицензиясын тартып алган, бирок кимдин карамагына өткөнү — белгисиз.    

Маматов сыяктуу эле, Айбек Алыбаев дагы Ташиев менен футбол аркылуу байланыштуу. Алыбаев «Жал Групп Азия» компаниясынын тең негиздөөчүсү деп жазылган. Бул фирма Камчыбек Ташиевдин кичи мекени Жалал-Абадда «Барса» футбол академиясын курган. Ал эми Бишкекке дагы бир академия курууну убада кылып келет. Бирок азыркы күндө, экинчи академиянын курулушуна деп бөлүнгөн мамлекеттин жерине «Барселона» деп аталган элиталык турак-үй курулуп жатат. Алыбаев менен анын өнөктөштөрү бул курулушка каражатты кайдан алып жатканы дагы белгисиз. 

Дисклеймер 

Октябрь райондук соту 27-октябрда «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн жана басылманын материалдарын экстремисттик деп тапкан. 

Эми «Клооптун» материалдарын жактыруу жана пикир калтыруу, ошондой эле алар менен бөлүшүү кооптуу — анткени мунун баары экстремисттик уюмду колдоо, экстремисттик материалдарды жайылтуу катары сыпатталышы мүмкүн. 

Бирок окуган, видеолорду көргөн азырынча коркунучтуу эмес. 

Эгерде сиз басылмага колдоо көрсөтөм десеңиз, материалдарды калтырбай окуп, видеолорду акырына чейин көрсөңүз болот — бул соцтармактын алгоритмине контентти жайылтууга багыт берет. 

Чоң рахмат 

Биздин YouTube-канал: youtube.com/@kloop3223 

Биздин Facebook: facebook.com/KloopKyrgyz

Биздин Instagram:  instagram.com/kloopkyrgyz   

Биздин Telegram-канал: t.me/kloopkyrgyz

Биздин TikTok: tiktok.com/@kloopkyrgyz

Биздин Threads: kloopkyrgyz

Kloop сайтынын күзгүсү