«Дарыкана баңгилиги»: Күчтүү таасир берүү дарыларга көндүрүү үчүн жазалоо сунушталды

Депутат Бахридин Шабазов күчтүү таасир берүүчү заттарды колдонууга көндүрүү үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору 25-январда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоору «Дарыкана баңгилигинин» деңгээлин төмөндөтүү, күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын жайылтуу менен күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Шабазов учурда кылмыш-жаза мыйзамдарында баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү аркылуу көрсөтүлгөн аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок, фармацевтикалык чөйрөдө колдонгон учурда адамга баңгизаттай таасир берген күчтүү таасир этүүчү дары каражаттар бар экенин айтат. 

Шабазов Республикалык наркология жана психиатрия борборунун маалыматтарына таянып, 2023-жылдын ичинде күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын колдонгон 500 факт катталганын белгиледи. Колдонуучулардын көпчүлүгүн 14 жаштан 18 жашка чейинки курактагы адамдарды түзөт. 

«Күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын колдонуу көнүмүш адатты калыптандырууга жөндөмдүү жана көпчүлүк учурларда аларды колдонгон адамдар натыйжада оор баңги каражаттарын, мисалга, мефедрон синтетикалык баңгизатын колдонууга өтүп кетишерин белгилеп коюу маанилүү. Ушуга байланыштуу, жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарына көз каранды болуп калгандардын 40%ы бул кылмыштуу чөйрөгө аларды белгилүү бир адамдар көндүргөн себептен тартылышкан», — дейт ал. 

Депутаттын айтымында, учурдагы колдонулуп жүргөн чаралар жарандарды күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын колдонууга көндүргөн адамдарга карата колдонулбайт, аларды кармап, токтотуучу факторго ээ эмес.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, күчтүү заттарды колдонууга көндүргөндөр бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айыпка жыгылат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошол эле кадамдар үчүн бир топ адамдар эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.