ИИМ башчысы 11 журналисттин ишинде эч кандай «саясий себептер» жоктугун билдирди

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЖМКнын 11 өкүлүнүн камакка алынганына комментарий берди. Ал «Кабарга» курган маегинде бул иште саясий себеп жоктугун, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана өлкөдө бийликти сындаганга эч ким тыюу салбаганын, бирок баары далилдер менен бекемделиши зарыл экенин билдирди.
 
«Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп олтура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок», — деди ИИМ башчысы.

Ниязбековдун айтымында, кармалган 11 адамдын ичинен экөө эле журналист. Калгандарын министр жогорку билимдери жок «блогер атыккандар» деп атады.

«Азыр жетөөсү үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Соттор бизге отчёт беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатышабы же өздөрү эле чыгарып атышабы аны биз айта албайбыз», — деп белгиледи министр.

Ошол эле учурда, Ниязбековдун айтымында, Европа жана АКШда журналисттер жалган маалымат таратпайт, эгер таратса камакка алынат же компенсация төлөп жаза тартат.

Журналисттер 16-январда жапырт кармалган. Жалпысынан Temirov Live’дын кармалып, андан кийин 11 азыркы жана мурдагы кызматкери камакка алынган. Алардын 9у «башамаламандыкка чакырууга», ал эми медианын башчысы Махабат Тажибек кызы менен акын Азамат Ишенбеков аталган чакырыктарды «уюштурууга» дагы шектелип жатат. 

Азыр Temirov Live’дын башчысы Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров жана Азамат Ишенбеков дагы деле ТИЗОдо. Тажибек кызы буга чейин ЖАК кызматкери тарабынан ур-токмокко алынганын билдирип, бул боюнча текшерүү башталган.