Президент Мелис Тургунбаевди экология министри кызматынан алды

Өлкө башчы Мелис Тургунбаевди экология министри кызматынан алды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы 26-июнда кол койду. Президенттин басма сөз кызматынан Тургунбаев башка ишке өтүп жатканын билдиришти.

Буга чейин 24.kg өздүк булагына таянып Турганбаев Улуттук банктын жетекчилигине сунушталышы мүмкүн экенин жазган.

Тургунбаев 2023-жылдын март айынын аягында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалган.